Акыркы макалалар

Кыргыз Эл акыны Надырбек Алымбеков: «Өмүрдүн жыйынтыгы жөнүндө көбүрөөк ойлоп калат экенсиң»

Кыргыз Эл акыны Надырбек Алымбеков: «Өмүрдүн жыйынтыгы жөнүндө көбүрөөк ойлоп калат экенсиң»

Жер жүзүндө жакшы адамдардын өмүр кечирип жаткандыгы үчүн, бул жашоонун желеги желбирегенин эч бирибиз тана албасак керек. Анын ичинде кыргыздын таалайына бүткөн улуу инсандардын арабызда өмүр кечирип жаткандыгы жана кыргыздын келечеги үчүн коомдун ар тармагында жан үрөп, артында жакшы бир из, сөз калган инсандарга жакшы кеп айтуудан башка эч нерсе дей албайбыз. Бүгүнкү дидарлашчу инсаным, өз маалында Кыргызстандын өнөр жайына эмгеги сиңген, коомдук ишмер жана поэзия дүйнөсүндөгү эмгегин, ислам динине, ыйман жолуна токуп, ширелтип окурман журтунун назарына салган инсан, Кыргыз Эл акыны Надырбек Алымбеков. Анда кеп оролу Надырбек агабызда болсун.

-Агай, учурда эмне менен алек болуп атасыз, чыгармачылык ишиңиз кандай болууда?

— Биздин турмуш чыгармачылыктын гана үстүндө болуп келет. Жашыбыз болсо минтип жетимиштен ашып калды. Анан дайыма эле, өмүрдүн жыйынтыгы жөнүндө көбүрөөк ойлоп калат экенсиң. Чыгармалардын үстүндө эле иштеп жатам.

-Аткарган ишиңиз менен баар таптыңыз, ошону менен бирге сөз токуп, сөзүңүздүн, ырларыңыздын артынан ийгилик сиз тарапка ийилди десек жаңылбасак керек… Айтайын дегеним дегеле сөздүн кудурети жана сөз деген нерсенин адамдын жеке тагдырына тийгизген таасири тууралуу пикириңиз кандай?

— Албетте, элибизде “Жылуу сөз жыланды дагы ийининен чыгарат” деген накыл кептин да өз жайы бар. Жакшы нерселер кандай керемет, адамзат жакшы, асыл нерселерден эс алат. Анын сыңары сөзгө да, аллахыбыз күч берген жана адамдарды тарбиялоо жолуна да ыктаган. Жакшы сөз акмакты адам кылып коюуга Аллахымдын жардамы менен болот. Элибиздин дагы бир нарктуу сөзү бар эмеспи, “Атанын каргышы ок, атанын сөзүнөн корк, ыйба кыл” деген кептин артында эмне деген улуу турмуштук тарбия сиңирилип жатат. Жалпы адамзат бул турмуштун түркүгү болуп кетпейбиз, андыктан дилибизди тазартып, ак менен караны ылгап, ата баланын, кыз менен эненин ортосундагы мамилелер жылуу болсо, ар бир бүлөнүн пайдубалы эң жакшы деңгээлде болот. Адам өзүнүн ар бир кадамына, сөзүнө, аткарган ишине, адамдарга жасап аткан мамилесине да өтө жогорку баскычта ой жүгүртүш керек. Ошондой эле жетекчи дагы, кол алдында иштеп жаткан кызматчыларынын эмгегин баалоо, кара нерселерди сыртка чыгаруу жолдорун көкүрөгүнө түйсө бардык нерсенин чечилүүсүнө өз оң таасирин берет эле. Ошондо жаман, ыплас нерселер адам менен соодалшмак эмес.

-Эгемендик жылынан кийинки калыптанган интеллигенциянын ахыбалы жана анын ичиндеги саясый элитанын катмарына сиздин баамыңыз кандай…

-Баарыбыз бир коомбуз. Ал адамдарды андай- мындай деп айтуу дагы кыйын. Себеби, бийликке барып алышып, ошол жерден өздөрүнүн болгон калыптанган өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Бул уул-кыздар дагы бизден тарбияланып, биздин бир коомдон суурулуп чыгышты да. Саясатчылар көрсөтүп жаткан бүгүнкү бейне бул кыргыз элинин бейнеси десек жаңылбаган болобуз. Себеби, тамыры бизден өсүп чыгышкан. Бул жерде аларды күнөөлөнгө болбойт, бар- балакеттин баары биздин элдин ичинде болуп жатат. Бизди акыйкатка жетелей турган жетекчи болбой жатат. Акыры бир күнү акырытке барып кудай алдына бараарыбызды унутпашыбыз керек.

-Биздин алдыга жылуубузга кайсы бир деңгээлде жердешчилик, түндүк, түштүк маселелери дагы өз таасирин тийгизип жатат деген пикирге көз карашыңыз кандай?

-Жок, ал мезгил биздин башыбыздан өтүп кетти деп айтаар элем. Түндүк, түштүк маселеси күчүнө кире албайт, эгер кирсе бир акчанын, маалымат каражаттарынын гана күчү менен кириши мүмкүн. Маселен, түндүктүн да, түштүктүн да эли, бүгүн балээнин баарын үйрөнүп, билип бүтүштү, алар жол беришбейт, жол беришсе чала, акчасын сапырган саясатчылардын саясатынын негизинде ишке ашышы мүмкүн. Кайсы саясатчынын ким экенин айтып беришти. Башка элдин саясаты келип бизди өлтүрүп жатат. Колунан кармап алган жокмун, элдин айтканын мен деле айтайын, азыр баардык баш аламандыктар акчанын күчү менен гана ишке ашып жатат. Элди эки бөлгөн партиялар жөнүндө ырда жазгам төмөндөгүдөй:

Партиялар байлык үчүн түзүлөт,

Байыганда элден колу үзүлөт.

Өлбөс- өчпөс партия

Бири- бирин уставы жок түшүнөт.

Эгер, партялар узакка өмүр сүрө турушкан болсо анда “Коммунисттер” партиясы андан кийинки, Акаевдин, Бакиевдин партиялары өмүр сүрүшмөк да. Ошондуктан, биз ыйман, ар намыс маселесин алдыга койсок. Кээ бирлери элиңди деп сөккөндөр канча, бул нерсеге эл өзү жеткирди да. Эки адамдын башы бириксе эле саясатчылар жөнүндө сүйлөшүп кирмей адат таптык. Эмне, үй-бүлө, балдарды тарбиялоо, жакшы жолго салуу туурасында көбүрөөк пикирлешсек болот го. Чыкемдин чыгармасындагы манкурттардын, маданияттуулары баш көтөрүштү. Бүгүн маданияттуу маңкурттар көбөйдү.

-Карылыкка даярдануу керек бекен агай?

— Кудайыбыз, ар бирибиздин ичээр суубузду камдап койгон. Кимге канча өмүр берет, ал бир гана жараткандын колунда. Жашыбыз минтип жетимишке келип калды. Албетте, карылыкка даярдануу керек. Карылык келгенде кадимкидей унутчаак болуп калат экенсиң. Карылыктын камын көрүп, Курани Каримди мойнума карыз кылып кетпейин деп, катасын кайра оңдоп, ушул ишти коом алдында жаман атты болбой бүтүрөйүн деп колума алдым. Дагы бир чакан китеп басайын деп жатам, ал китеп өзүмдүн баскан өмүр жолум туурасында. Бул китептин басмага берүү гана иши калды. Кээде, эки жакка алыска чыкканымда үйдөгүлөргө дайындап кетчү болдум, себеби башында айткандай унутуп калып бул китеп чыкпай калбасын деп, китеп текченин арасында турат, кокус ким билет, барып кайра кайтып келбей каласың. Айтор, бардык нерсе жараткандын маңдайга жазганы менен жашайбыз да.

-Элиңизге жакшы сөзүңүз?

-Жалпы журтума кудайыбыз ыйман, ырашкерчиликти кут кылсын. Бардык нерсе бир гана Кудайыбыздын колунда экенин эсибизден чыгарбасак. Кудайга шүгүрчүлүк кылуу керек, жашообуз жаман эмес, жакшы. Ар бир мусулманга кудайым жакшы нерсесин гана ыроолосун. Жалпы дүйнөдө тынчтык болсун. Башчыларыбызга да, Кудайым ыйман, биримдик берсин.

Мээрим БАКТЫБЕК кызы

Түп нускага шилтеме : erkintoo.kg