Акыркы макалалар

«АКЫЛ ОРДО» АКЫЛ ТАЙМАШЫ

Кочкор райондук жергиликтүү кеңештеринин депутаттары тарабынан райондогу 33 мектептердин ортосунда «Акыл ордо» акыл таймашынын сынагы жарыяланган. Акыл ордо акыл таймашын өткөрүү демилгесин райондук кошмо жыйналышынын президиумунун төрагасы Курткаев Таалай көтөрүп жыл сайын өткөрүлүп келет. Бул жолку таймашка 29 мектептин 9-11-классынын окуучулары катышты. Ал эми Чекилдек, Сары-Булак, Ак-Талаа, Семиз-Бел айылдарынын мектептеринен айтылганына карабай окуучулар катышкан жок. Кызуу таймаштан соң алдыңкы орундарды ээлеген 10 окуучу экинчи айлампага чыгышты. Алардын ичинен Кызыл-Дөбө орто мектебинен келген Замир кызы Мээрзат, Арсы айылынан келген Капарова Гүлнур башкалардан алдыда баратат. Жакында 22-апрелде «Акыл ордо» акыл таймашынын экинчи айлампасы болмокчу.