Акыркы макалалар

ӨКМ: Республиканын аймагында жер көчкү боло турган 1064 кооптуу участок бар

Бишкек, 2-апрель /Кабар/. “Жаз айларынын келиши менен нормадан ашыкча жааган жаан-чачындардын кесепетинен республиканын аймактарындагы эски жер көчкүлөрдүн активдешүүсү жана жаңы жер көчкүлөрдүн пайда болуусу, дарыялардагы суулардын деңгээлдеринин көтөрүлүүсү, сел агымдарынын келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрдин орун басары Равшанбек Рысбаев билдирди.

Белгилей кетсек, жер көчкүлөр республиканын бардык облустарынын аймактарында кездешет.

Жалпысынан республика боюнча Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматтарын эске алуу менен эсептегенде 1064 жер көчкү коркунучундагы кооптуу участоктор бар. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын ичинен жер көчкүлөр күтүүсүздүгү, адамдардын жашоо-тиричилигине жана инфраструктурага келтирген материалдык чыгымдары жана эң негизгиси адам өмүрүнө келтирген коркунучу менен өзгөчө мүнөздөлөт.

КР ӨКМнин өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү департаментинин директорунун орун басары Турдубек Ажыбаевдин маалыматына караганда “жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына жер көчкү коркунучунун алдын алуу максатында калктын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Ошого карабастан айрым жарандар жер көчкү коркунучундагы кооптуу аймактарда жашоону улантып жатышат. Буларды милдеттүү түрдө көчүрүп чыгарууну камсыздоо жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына жүктөлгөн.

Р. Рысбаев жеке өзү жер-жерлерге чыгып, кооптуу аймактарда тобокелчилик менен жашап жаткан жарандарга жана жергиликтүү бийлик башчыларына мыйзам чегинде чара көрүүнү колго ала тургандыгын билдирди.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg