Акыркы макалалар

Италиядан келген стилист Бишкекте мастер-класс өткөрөт

Италиядан келген стилист Бишкекте мастер-класс өткөрөт

Италиядан келген стилист-шопер Анастасия Слабунова 9-апрелде Бишкекте мастер-класс өткөрөт. Кайсы жерден кийинүү керек жана акчаны кантип туура коротуу керек дегенден башка сегиз жылдык тажрыйбага ээ болгон Анастасия Бишкектен кимди кандайча кийинткени тууралуу көргөзмө дагы өткөрмөкчү.

Иш-чара саат 18.30да "Алтын ажырдаар" ресторанында болот.

Стилист ошондой эле дүкөндөн соода кылган айымдарга шопинг коштоо иши боюнча дагы өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшөт. "Мен Венецияда иштейм. Гардеробду натыйжалуу тандап алыш үчүн мага сиздердин иштеген ишиңиздерди, бюджетиңиздерди жана каалооңуздарды билгеним жетиштүү. Мен функционалдуу, күнүмдүк керектелүүчү жана стилдүү гардероб түзүп бере алам",-дейт Слабунова.

Бул иш-чарага катышууну каалагандар (0770) 902888 телефону боюнча байланышса болот.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg