Акыркы макалалар

Ишкер Алкановго кол салуу боюнча иликтөө иши токтотулду

Ишкер Райкан Алкановго кол салуу боюнча иликтөө иши токтотулду. Бул тууралуу "ВБ"га жабырлануучунун жактоочусу Юрий Скатневский билдирди.

Анын айтымында, тергөө токтотулганына бир айга жакындаган, анткени 33 жаштагы айыпталып жаткан жарандын жактоочулары комплексттүү психиатриялык экспертиза жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Тергөө органдары айыпталуучунун жактоочуларынын бул өтүнүчүн канааттандырган.

"Окуянын эң жаш катышуучусун бошотушканы тууралуу азырынча арыз бербейм, анткени тергөө токтотулду. Чечимди тергөө кайра башталгандан кийин кабыл алам",-дейт Скатневский.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 26-октябрында саат 10дор чамасында Таластын ооруканасына денесине бир нече ирет бычак сайылган "Алканов жана компания" жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти Райкан Алканов алынып келинген.

Бул кылмыш ишине шектелип жашы жете элек 9-класста окуган кыз жана 1992-жылы, 1982-жылы туулган эки кыз кармалган.

Алкановдун жактоочунун айтымында, бул иш боюнча айыпталган эки кыз убактылуу кармоочу жайга камалса, дагы бири - алардын эң кичүүсү жашы жете элек болгондугуна байланыштуу атайын көзөмөлдүн негизинде сыртта кармалып жатат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg