Акыркы макалалар

9-майдан кийин патент системасы жокко чыгарылат

9-майдан кийин патент системасы жокко чыгарылат. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги басма сөз жыйында КР Эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов билдирди.

“Патент системасы бир гана Россия федерациясында эмес, бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн бардыгында жокко чыгарылат.Тагыраагы коңшу Казакстан, Армения, Белорусия, Россия. Ал 9-майдан кийин жокко чыгарылып, андан ары талап кылынбайт”,-деп айтты министр.

“Ошондой эле орус тили, тарых сабактары жана мыйзамдар боюнча экзамендер болбойт. Ал эми биздин жарандарыбыздын Кыргызстандан алган дипломдору Евроазиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттин ичинде кабыл алынып баштайт”,-деп кошумчалады ал.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg