Акыркы макалалар

Жол көзөмөл кызматынын кошумча нөөмөтү Төө-Ашууга жөнөтүлдү

Жол көзөмөл кызматынын кошумча нөөмөт кызматтары Төө-Ашууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол көзөмөл кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

Кечээ, 29-мартта кардын катуу жаагандыгынан улам Бишкек-Ош унаа жолунда абдан чоң унаа тыгыны пайда болгон. Көптөгөн жүк унаалары тыгында беш сааттан ашык турушкан.

Учурда жол кыймылынын коопсуздугун жөнгө салыш максатында Жол көзөмөл кызматынын кошумча нөөмөт бөлүктөрү бул жерге жөнөтүлдү жана жолчулар трассаны кардан тазалоо иштерине киришти.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg