Акыркы макалалар

Артур МЕДЕТБЕКОВ, чекист: “Бакиевдерди Кыргызстандан чыгарбай кармаганга мүмкүнчүлүк бар болчу”

Артур МЕДЕТБЕКОВ,  чекист:  “Бакиевдерди Кыргызстандан  чыгарбай кармаганга мүмкүнчүлүк бар болчу”

Коргоо жана конвой департаментинде 2010-жылдын 7-апрель окуясы боюнча сот иши уланууда. Бул иш боюнча 28 адам, булардын арасында «Альфа» менен «Арстан» атайын кызматкерлери да айыпталууда. «Убактылуу өкмөт мүчөсү, УКМКнын мурунку жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев Бакиевдер жок кылынса, «Альфа» кызматкерлерине карата кылмыш иши козголбойт деп убада берген», - деп аскер серепчиси, отставкадагы чекист Артур Медетбеков 2010-жылдагы апрель окуясы боюнча сот жыйынында билдирди. Бул боюнча Артур мырза өз пикирин төмөндөгүдөй билдирди:

- Артур мырза, соттук отурумда сиз Роза Отунбаеванын буйругу менен экс-президентке жолду тазалап бергенбиз дедиңиз. Аларды эмне себептен кармаган жоксуздар?

- Ооба, Курманбек Бакиев Кыргызстандан ошол убактагы Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын буйругу менен “жолду тазалап” кое берилген. Ал эми булар өздөрү 7-апрель күнү кечинде экс-президент Бакиев менен 7-апрелде болгон окуяга катышы бар адамдарын көбүн Ак үйдөн качырып жиберишкен. Мындан тышкары булардын аларды кармап келгенге 7-апрелден баштап 15-апрелге чейин убактысы да, кишилери да бар болгон. Бирок, коркуппу же бийлик талашыппы же кетип калсак бийликке олтурбай калабыз дештиби, айтор, убакытты текке кетирип коюшту. Жалал-Абадга баруудан алар баш тартып, качып туруп алышканда мен 35 киши менен ошол жакка баргам. Ал жерге бара жатканда Бакиевдерди чыгаруу жөнүндө таптакыр сөз да болгон эмес. Алардын баарын кармагыла же болбосо ал жерден жоготкула деген гана сөздөр болгон. Р. Отунбаеванын К. Бакиевге жолду ачып,”тазалап берүү” буйругу менен биз ал жерге баргандан кийин тааныштык. Эгерде, Курманбек Бакиевди булар колго түшүргүлө же өлүү-тирүүсүн алып келгиле, согуш чыкса да кармагыла дешсе, анда биз баардык шарттарды түзүп кармайт элек. Бакиевдерди Кыргызстандан чыгарбай кармаганга мүмкүнчүлүк болгон. Бирок, чындыгында көп киши каза болмок. Андай эле боло турган болсо түштүк-түндүк согушу чыгып кетиши да мүмкүн кырдаалы түзүлүп калган. Бул абдан опурталдуу иш болмок. Ал мезгилде Кыргызстанда согуш чыгып кетпесин деп бир чети бул жагын биз да Убактылуу Өкмөттүн өкүлдөрүн жакшы түшүнүп турганбыз. Ал эми эгерде баардыгын жыйыштырып, эмне болсо ошол болсун өлтүрсөңөр өлтүргүлө иши кылып кармагыла десе анда иш башкача болмок. Кармамакпыз, бирок, күнөөсү жок көп кишилер каза болмок. Биз ал жерге баргандан кийин бизге Р. Отунбаева “Жаныш Бакиев менен Бакыт Калиевди” кармап келгиле деди. Ошондо Жаныш Бакиев туугандарын тосмо катары колдонуп үйүндө калып, аэропортко К. Бакиев менен Б.Калиев эле барган. Ал жерден Калиевди кармайлы деп ошол жерге чабуул коюп, жолдорго токторду орнотуп, уюштуруу иштерин жасап жатканда Калиевдин туугандары, Жалал Абад облусунун ИИБнин кызматкерлери иштерин ташташып Убактылуу Өкмөткө каршы чыгып, бизге тоскоолдуктарды жаратышкан.

- Курманбек Бакиев болбосо да Жаныш Бакиевди кармап келүүгө балким мүмкүнчүлүктөр болгондур?..

- Жаныш Бакиевди кармаш үчүн көп киши каза болуп калаарын түшүнүп, ал күнү чабуул жасаган эмеспиз. Үйдүн ичинде көп киши бар болчу. Алардын баары болбосо да жарымынан көбү каза болмок. Куралсыз, тынчылык менен кармайлы деп аракет кылганбыз бирок, ал жактан өзүбүз араң кутулуп чыккан элек..Тилекке каршы, ошол жерден аны биз кармай алган жокпуз. Калыев менен Райымбердиевди кармап келип берсек, Райымбердиевди убактылуу өкмөт 2 күн кармагандан кийин кайра кое берип салган. Биз 19-апрелге чейин ал жакта жүрүп, абдан чоң иштерди бүтүрдүк. Жалал-Абад телерадиосу иштебей, областтын губернатору баш болуп баары иштерин таштап, аз жерден түндүк-түштүк болуп урушуп калуу коркунучу күч болгон. Мындай кырдаалда Жаныш Бакиевди кармаш үчүн, анда да көп кишилер каза болмок. Себеп дегенде үйдүн ичинде 100 ашык киши балдар, аялдар, чалдар тирүү тосмо болуп турушса, сыртында 5-10 миң киши тороп алышкан эле. Албетте, алардын баарынан өтүш үчүн, биз атышыбыз керек болчу. Эгерде, биз ал жердеги элдерди атсак анда биздин, Убактылуу Өкмөттүн кейпи кандай болот эле? 7-апрелдеги өлүм аздык кылмак беле?.. Азыркы убактагы абал мындан да кыйын болмок. Таптакыр эле экиге бөлүнүп кырылып жатып калмакпыз.

- Бул жашыруун атайын операцияга бир топ акча жумшалгандыгы боюнча сөздөр чыгууда?..

- Ооба, бул жагы да кызык жагдай болууда. Бизди, ал жерге барган балдардын атын жамынып Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Бакиевдерди кармаш үчүн жасалган операцияга 1 миллион доллар каражат корогон деп айтып чыгышты. Чынында биздин балдар бир да тыйын алган эмес. Эң негизгиси, биз ошол жака бара жатканда бул жактан теледен Атамбаев, Бекназаровго окшогондор чыгышып: “мынакей, Бакиевди кармоо боюнча атайын операция кетти” деп ММКларга жайып жиберишкен. Негизи мунун баары тымызын, билгизбей жасала турган иш болуш керек болчу. Тилекке каршы, муну алар ачык жайып жиберишкендиктен бул да убагында бизге чоң тоскоол болгон. Биз алардын акчасынын бир сомун да көргөн жокпуз. Учуру келет, ошондо алар уурдап алган акчалары үчүн жооп беришет. Ошол жакка барган балдардын “кийим-кечесине жана башка чыгашаларына 1 миллион доллар кетирдик” деп айткандары чын болсо анда алар бул суммадагы акчаны кандайча, кимдерге бергендиги тууралуу өздөрү жооп берип калышат.

Анархан АЛТЫМЫШОВА (Пресс.kg жумалыгы)