Акыркы макалалар

Талас облусунда катуу шамал 199 турак үйдүн чатырын учуруп кетти

Талас облусунда катуу шамал 199 турак үйдүн жана 8 социалдык объектинин чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМ кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кара-Буура районунда 2015-жылдын 24-мартында саат 17:40 чамасында район аймагында секундасына ылдамдыгы 25-30 метрге жеткен катуу шамал катталган. Шамалдын кесепетинен Аманбаев айыл аймагына караштуу Аманбаев айылында 18 турак үйдүн чатырлары жабыркаган;

Куру-Маймак айылында 15 турак үйдүн жана 1 орто мектептин чатыры жабыркаган;

Сулу-Маймак айылында 16 турак үйдүн чатырлары жабыркаган;

Ак-Жар айылында 18 турак үйдүн жана 1 балабакчанын чатыры жабыркаган.

Алдын ала маалымат боюнча Аманбаев айыл аймагы боюнча 67 турак үйдүн – 536 даана шиферин, 1 орто мектептин – 25 даана шиферин, 1 бала-бакчанын – 35 даана шиферин жана 26 чарба курулуштун – 150 даана шиферин шамал учурган.

Ак-Чий айыл аймагына караштуу Жоон-Дөбө айылында 95 турак үйдүн - 1483даана шиферин, 1 орто мектептин – 80 даана шиферин, 1 лицейдин – 800 даана шиферин, 1 бала-бакчанын – 150 даана шиферин,1 кафенин – 266 даана шиферин шамал учурган;

Молдо-Асан айылында 2 турак үйдүн – 50 даана шиферин шамал учурган;

Жалпы: айыл аймак боюнча 2829 шиферин шамал учурган.

Маймак айыл аймагына караштуу Маймак айылында 35 турак үйдүн – 810 даана шиферин, чарба курулуштардан – 200 даана шиферин, 1 орто мектептин – 200 даана шиферин, 1 бала-бакчанын – 30 даана шиферин жана айыл аймактын имаратынын – 51 даана шиферин шамал учурган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg