Акыркы макалалар

Кошмо жыйын – кош бийлик бутагы эмес!

Кошмо жыйын – кош бийлик бутагы эмес!

Аймактык шайлоо комиссиясынын расмий маалыматтарына ылайык, 2012-жылдын 25-ноябрында өткөн жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо коомдук-саясый өнөктүгүнө райондогу жергиликтүү Кеңештердин 184 мандатына жалпысынан 802 талапкер ат салышып, алардын ичинен 416 талапкер - саясый партиялардан, 68 талапкер – коомдук бирикмелер менен шайлоочулардын топторунан, ал эми 318 талапкер – өздөрүн-өздөрү көрсөткөндөр.

Шайлоо жыйынтыгында аймактагы айылдык Кеңештерге саясый партиялардан – 74, коомдук бирикмелер менен шайлоочулар топторунан – 15, өздөрүн-өздөрү көрсөткөндөрдөн – 95 адам депутаттык мандатка ээ болгон. Сапаттык курамы боюнча: эркектер – 160, аялдар – 24, жогорку билимдүүлөр – 97, бүтпөгөн жогорку билимдүүлөр – 5, атайын орто билимдүүлөр – 14, орто билимдүүлөр – 68. Ал эми жаш курактары боюнча алганда 30 жашка чейинкилер – 25; 30-45 жаштагылар – 95 жана курактары 45 жаштан жогоркулар – 64.

Жакында КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.КАПТАГАЕВдин катышуусунда өткөн жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын райондук Кошмо жыйыны КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Ж.БАЙСЕИТОВдун жылдык отчетун угуп, алдыдагы 1 жылдык мөөнөткө жыйындын президиумун, катчылыгын жана эсеп комиссиясын шайлады…

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫНДА ЖЫЛЫШ БАР

Алгач артта калган бир жыл аралыгында кошмо жыйын президиумунун төрагалык милдетин аркалап келген Кара-Жал айылдык Кеңешинин төрагасы Т.Мукалаевдин отчеттук маалыматы угулду.

Район акими Ж.Байсеитов видеокөрсөтмө каражатынын жардамы аркылуу маалымдагандай, 2014-жылы өнөр-жай продукцияларын өндүрүү көлөмү 80,3 млн. сомду түзүп, көрсөткүч 2013-жылга салыштырмалуу 126,2 пайызга өскөн. Чекене товар жүгүртүү жана калкка акы төлөп кызмат көрсөтүү боюнча белгиленген чектер да 112,5 пайызга көбөйгөн.

2014-жылы район боюнча 2013-жылга салыштырмалуу эт өндүрүү - 101,8 пайызга, сүт өндүрүү - 108,3 пайызга, жумуртка өндүрүү - 109,3 пайызга жана жүн өндүрүү - 101,0 пайызга көбөйгөн. Өткөн жылкы кургакчылыктын кесепетинен дан эгиндеринин түшүмүнүн жалпы көлөмү 40,6 миң тоннаны түзүп, түшүмдүүлүк ар гектарына орточо 16,2 центнерден айланды (2013-жылы – 23,5 ц.). 8708 гектар аянттагы картошкадан 167,1 миң тонна «экинчи нан» жыйналып, дүң түшүм көлөмү мурдагы жылга салыштырмалуу 9000 тоннага, жашылчаныкы - 175 тонна көбөйгөн. 935 гетардагы мөмө-жемиштерден 5300 тонна түшүм жыйналды. 2014-жылы жалпы өндүрүлгөн айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жалпы дүң жыйым көлөмү 5 млрд. 170 млн. сомду түзүп, 2013-жылга салыштырмалуу 101,8 пайыздык өсүш берген.

Мал чарбасында малдын асыл тукумдуулугун жогорулатуу, ар кыл ылаңдарды алдын-алуу багытындагы иш-аракеттер да өз нугунда. Ошондой болсо да, мамлекеттик фонддун айыл чарба жерлерин пайдалануу багытындагы иш-аракеттер алымсынаарлык эмес абалда. Анткени, 2014-жылы район боюнча жалпысынан 3865 гектар жер аянттары пайдаланылбай калган.

Өнөр-жай продукцияларын өндүрүү көлөмүнүн арбышына аймактагы «Жыргалаң шахтасы» ААК өз ишин токтоткондугуна, ошондой эле «Жыргалаң – Дөргө-Көмүр» ЖЧКсы тарабынан обьективдүү жана субьективдүү себептерден улам белгиленген план-тапшырманын аткарылбай жаткандыгы терс таасирин тийгизүүдө.

2014-жылы район боюнча жалпысынан жасалган капиталдык салымдардын көлөмү 117,6 млн. сомго барабар болуп, көрсөткүч 2013-жылга салыштырмалуу 128,1 пайызга өскөн. Район боюнча наркы 50,4 млн. сомго барабар, жалпы пайдалануу аянты 5195 м2 түзгөн 52 жеке турак-жайлар пайдаланууга берилген.

Район боюнча өткөн жылы бюджеттен сырткаркы сырткы жана ички каржы булактары аркылуу тартылган инвестициялардын көлөмү жалпысынан 204 379,0 млн. сомду түзүп, ал аркылуу бир катар социалдык-маданий обьектилердеги иштер бүткөрүлгөн.

2014-жылдын жыйынтыгында бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы район боюнча 83964.8 миң сом болсо, иш жүзүндө 85063.4 мин сом чогултулуп, план-тапшырма 101,3 пайызга аткарылды. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландык көрсөткүчү 101,7 пайызды түзгөн. Айыл чарба багытындагы жерлерден алынуучу салык планы 96,3 пайызга гана аткарылып, мындай көрсөткүчтүн жаралышына Боз-Учук (81,2 %), Отрадное (79,1 %), Каракол (92,2 %), Кара-Жал (84,2 %), Бөрү-Баш (86,7 %) жана Октябрь (79,7 %) айыл өкмөттөрү өз «салымдарын» кошкон. Ал эми айыл чарба багытындагы эмес жерлерден алынуучу салыктын пландык көрсөткүчүнүн 87,7 пайызга аткарылышына Кереге-Таш (79,5 %), Кара-Жал (77,2 %), Эңилчек (48,5 %) жана Жыргалаң шахтасы (47,9 %) айыл өкмөттөрүндөгү начар иш-аракеттер негиз түздү.

Ар тараптуу, жеткиликтүү берилген маалыматтар айылдык сенаторлорду ынандырып, депутаттар К.Кылчыкбаев, Р.Мамалжанов, Э.Урманаев, А.Иманалиев, Н.Бактыбаева, З.Өмүрзакова жана Т.Маанаев айрым маселелер боюнча өз ой-пикирлерин айтып, район жетекчисинин отчетуна «канааттандыраарлык» деген бааларын беришти (кошмо жыйын кабыл алган токтомдо да ушундай баа берилди).

Өткөн бир ичинде кошмо жыйын президиумунда Кара-Жал айылдык Кеңешинин төрагасы Т.Мукалаев – төрагалык, ал эми Челпек айылдык Кеңешинин төрагасы А.Хамзеев жана Жыргалаң айылдык Кеңешинин төрайымы К.Букаева орунбасарлык милдеттерин аткарып келген.

Кошмо жыйын президиумунун төрагасы Т.Мукалаев белгилегендей, жыл ичинде аймактагы ар кыл орчундуу маселелер боюнча президиумдун расмий түрдө – 15, формалдык эмес формата - 18 отурумдары өтүп, жогорку инстанцияларга 18 кайрылуулар кабыл алынып, алардын басымдуусу өз натыйжаларын берген.

Мыйзамга ылайык, кошмо жыйын президиуму 1 жылдык мөөнөткө шайлангандыктан, анын бул күнкү күн тартибине президиумдун жаңы курамын, анын төрагасын, ошондой эле катчылыкты жана эсеп комиссиясын шайлоо маселелери да коюлуп, депутаттардын жана депутаттык топтордун сунуштары аркылуу президиум мүчөлүгүнө өз ара атаандаштыкка Отрадное айылдык Кеңешинин төрагасы М.Алжанбаев, Кереге-Таш айылдык Кеңешинин төрагасы К.Муканбетов жана Ак-Булуң айылдык Кеңешинин төрагасы Ө.Абдылдаев чыгып, депутаттардын жашыруун добуштарынын жыйынтыгында 139 депутаттын эң көп добушуна (52) ээ болгон Ө.Абдылдаев – төрага, калган экөө – орунбасарлары болуп шайланышты.

Ал эми кошмо жыйын катчылыгына депутаттар А.Иманалиев (Октябрь айылдык Кеңеши), Ж.Кыдырбаев (Челпек айылдык Кеңеши) жана К.Даменова (Жыргалаң айылдык Кеңеши), эсеп комиссиясына – Р.Исраилов (Боз-Учук айылдык Кеңеши), Б.Балбаев (Тепке айылдык Кеңеши) жана А.Осмоноалиев (Кара-Жал айылдык Кеңеши) шайланышты.

Белгилей кетүүчү маселе – алгач каттоодон 172 депутат өтсө да, эмнегедир добуш берүүгө 139 гана депутат катышып, айрым депутаттар райондогу коомдук-саясый мааниси зор бул иш-чарага кайдыгер карап, өз тирликтери менен жыйындан чыгып кетишкен (?).

Иш-чарада депутаттар үстүбүздөгү, «Улуттук экономиканы чыңдоо жылында» аймак калкынын турмуш-деңгээлин жогорулатуу максатында райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп, мамлекеттик бийлик органдары менен бирдикте, ынтымакты туу тутуу менен демилгелүү аракеттенише тургандыктарын билдиришти…

АЛДЫДА – АРБЫН МИЛДЕТТЕР

Иш-чарада облус жетекчиси Э.Каптагаев өрөөндүн, анын ичинде райондун алдындагы орчундуу маселелерге токтолуп, максат марасына жетүүдө жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын демилгелүү иш-аракеттери зор мааниге ээ экендигин баса белгиледи. Ал мамлекеттик натыйжалуу аппарат жана күчтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу аркылуу гана өлкөнүн социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого болооруна токтолуп, көйгөйлүү арбын маселелерди чечүүдө мындан ары да биргелешип, элди ынтымакка чакыруу менен аракеттенүүгө чакырды.

Кошмо жыйын президиумунун жаңыдан шайланган төрагасы Ө.Абдылдаев аймактын депутаттык корпусунун күч-аракети менен турмушка ашырылуучу бир катар маселелерге токтолуп, аларды калк кызыкчылыгында чечүүдө депутаттардын демилгелүү иш-аракеттерине таяна тургандыгын билдирди.

Э.РАКЫМОВ