Акыркы макалалар

Эринбеген Айнура, талгак боюнча “рекордсмен” Азиза, пицца менен диета кармаган Роза

Эринбеген Айнура, талгак боюнча “рекордсмен” Азиза, пицца менен диета кармаган Роза

Бул үч дос сахна аркылуу табышып, достошуп калганын айтышат. Он жылдан бери достукту бийик тутуп, алтургай «Эски достор» деген ырды да сахнага бирге ырдап чыгышты. Сөз ырчылар Роза Шакирова, Азиза Адиева, Айнура Салахидиновалар тууралуу болуп жатат. Алар ар бир айда эки жолу жолугуп, шерине ойноп, аны менен катар эле балдарын да эс алдырып, ойнотуп кетишет экен. Биз да ошол шеринелеринин бирине туш келген экенбиз. Бул жолу кезек Роза Шакированыкы экен. Үч айым жөн эле досторчо сүйлөшүштү.

Айнура Салахидинова: – Сахнадагы курбу кыздар, жакын досторубуз болуп бир айда эки жолу чогулуп, шерине ойнойбуз. Бүгүн Роза эженин кезеги болчу. Ага баарыбыз чогулуп келип, жакшы маанайда отурабыз. И-ий, баламды алып келе калайынчы (Айнура баласын караганы чуркап кетти).

Роза Шакирова: – А мен шеринеге келип акча санап отурам, жеттиби же жетпей калдыбы деп (Күлүп). Ѳзүңөр байкагандай, чыгармачыл инсандардын арасынан алты адам шерине ойнойбуз. Бүгүн да ошол шеринени шылтоолоп пицца жегени келгенбиз, өзүбүз диетадабыз (Күлүп). Диета кармап атып пицца жегенди уктуңар беле?

Азиза Адиева: – Розанын алып аткан акчасын майлап отурабыз (Күлүп). Айнура, сенин балаң азыр дагы кичинекей, менин сеникиндей боюмда барда кызымды тыркыйтып алып көтөрчүмүн. Анысы аз келгенсип, ичиме да отуруп алчу. Негизи эле жашоодо аялзатынын бирден бир бактысы эне болуу деп ойлойм. Жалпы аялзатына энелик бакыттын таттуу даамын татышын каалайбыз. Анткени, эне болуу – бул өзүнчө эле керемет. Балаңдын ызы-чуусу, ыйлаганы, күлгөнү – эң чоң бакыт. Албетте, убагында бир аз кыйналасың. Бирок балдарың чоңойгон сайын анын баары унутта калат. Мисалы, менин эки балам бар, ортолору эки жаш. Экинчиси боюмда барда мунум төрөлгөнчө улуу кызым чоңоюп калат деп ойлогом. Бирок экинчи кызым төрөлгөндө, кадимкидей кыйналдым. Кудай буюрса, ал нерсе өтүп, экинчи кызым да басайын деп калды. Азырынча жашоо керемет деп жашап атабыз (Күлүп). Мурда жалгыз өзүбүз деп жашасак, азыр балдарыбыз деп жашайбыз. Кээде бош убактыбыз боло калганда “жашоо керемет” энелер чогулуп, балдарыбызды ойнотуп, балдарыбыздын аркасынан өзүбүз да чер жазышып алабыз. Үй-бүлөлүү болгондон кийин үй-бүлөлүү адам менен дос болот экенсиң. Себеби, сени бойдок адам түшүнө албайт. Үй-бүлө күткөндөн кийин бойдок курбуларың өзүнөн өзү эле алыстап кете берет экен.

Айнура Салахидинова: – Биринчи уулум Дари менен экинчи баламды көтөрүүнүн айырмасы болду. Экинчисинде, токсикоздон аябай кыйналдым. Курсагым чоңойгон сайын баламды мурдагыдай көтөрө албай калдым. Уулум кичине болгондуктан эркелегиси келет. Ошондуктан балама тиешелүү көңүл бөлө албай калдымбы деп кыжаалат боло берем.

Азиза Адиева: – Талгак болгондордун «рекордсмени» мен болдум окшойт. Себеби, боюмда болгон алгачкы күндөн тарта эле менде токсикоз аябай күч алат. Алтургай экинчи кызымды төрөгөндөн кийин да бир жума токсикоз болдум окшойт (күлүп). Убагында эмнеге башкалар токсикоз деген нерсени билбей эле төрөп салышат деп аябай жиним келген. Бирок ал күндөр да өттү.

Роза Шакирова: – А мен силердикине окшоп талгак болгон жокмун. Фигурама байланыштуу «только» жечүмүн. Бирөө жеп жаткан тамактан ооз тиймейин жаным жай алчу эмес. Жей берип балам ичимде чоңоюп кетип, төрөгөндө аябай кыйналдым. Толгоом башталып төрөт үйүнө барганда, врачым Бурул эже менин ырчы экенимди билип көп урушпаганынан улам эркелеп кетип, өзүмдү-өзүм аябай кыйнап салдым. Төрөт үйүнө түнкү саат бирде барган болсом, эртеси түшкү саат 12:15те төрөдүм. Бирок балаң чоңоюп, балаңдын кылыктарын көргөндө кыйналганыңды унутуп коет экенсиң. Кудай буюрса, жакында үч эм төрөйм, анан эгиз, эгизден кийин эки бала төрөсөм, баары он болот (Тамашалап). Албетте, Кудайым берерин унутпасын.

Азиза Адиева: – Эки достун мүнөзү бири-бирине дал келиши керек. Тфу-тфу, көз тийбесин, бирок үчөөбүздүн кулк- мүнөзүбүз, жан дүйнөбүз бири-бирибизге төп келет. Былтыр достугубузга он жыл болду.

Роза Шакирова: – Негизи бизди сахна дос кылды. Сахнадан табышкан соң сахнаны уят кылбай, өмүр бою өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп жүрө берели. Биздин арабыздан алгач Азиза ырдап чыккан. Агезде биз студент болчубуз. Кийин «Тунгуч» театрында иштеп жүрүп, Кой-Ташка барып калганбыз. Мына ошол Кой-Таштан биздин достугубуз бышты. Себеби, ал жерде болгон бир топ кыйынчылыктарды бирге жеңе алдык. Андан кийин бирибиздин артыбыздан бирибиз турмушка чыктык. Кээ бир курбулардын күйөөлөрү өз ара тил табыша албай калат эмеспи. А биздин күйөөлөрүбүз биз жолуккандай эле үчөө жолугуп турушат. Майрам күндөрү да дайыма чогуу болобуз.

Айнура Салахидинова: — Атургай жаңы жылды да жыл сайын чогуу тособуз. Буюрса, Нооруз майрамында да чогуу болобуз деп турабыз. Роза эжем менен студенттик күндөрдө эле бир кечеде комуз менен ырдап барып таанышып калганбыз. Кийин Азиза менен “Жоокер жылдызы” теледолбоору аркылуу таанышып, тагыраак айтканда, дал ушул долбоор бизди бириктирди. Биз – үй-бүлөлүк катыштагы достордонбуз.

Роза Шакирова: – Чогуу жатпаганыбыз эле болбосо, баардык жерде чогуубуз. Бизди Кудайым ушул достугубуздан айырбасын. Негизи биз балдарыбызды эптеп сиңдилерибизге калтырып, үйдөн бир жумуш бүтүргөнү чыгабыз. Чыгаарыбыз менен курсагыбызды ойлоп, «Ай, бир жерге кирип чай ичип алалычы» деп бир жерге кирип, үч-төрт саат сүйлөшүп отуруп калабыз. Ошону менен кайра үйгө кетебиз (Күлүп). Бизден Айнура ырларыбызды бир жерге алып барып, иш бүтүргөндөн зэрикпейт. Азиза экөөбүз Айнуранын ишти бүтүрүп атканына сүйүнөбүз. Азиза кийим тандоо жагынан күчтүү. Ал кайсы дүкөндө кандай кийимдер бар экендигин кыйын билет. Кээде телефон чалып «Роза, сенин фигураңа жараша турган сонун көйнөк көрдүм» дейт. Анан үчөөбүз чыгып алып ал дүкөнгө барып, Азиза айткан көйнөктү кийип, жактырып алабыз. Мына, бүгүн шериненин урматына деп алтын шакек, сөйкөсү менен алдык. А мен болсо жеген- ичкен жагынан жакшымын (Тамашага салып).

Азиза Адиева: – Роза, сен ыр тандоо жагынан күчтүүсүң. Биздин ырларыбыздын 99 пайызын сен тандайсың го. Биринчи жаздырган «Эски достор» деген ырыбыз да сенин демилгең менен жазылбадыбы. Мен эки кызым менен дүкөндөрдү эле кыдырып жүрөм (күлүп). Чоң соода борборлоруна келип, аларды ойнотуп, өзүмө да кийим алып, бир ок менен эки коенду атам (Тамашалап).

Роза Шакирова: – Азиза – үйүндө абдан тыкан аял. Үйүнө барсаң дайыма үйү таза, дасторкону жайылып турат. Тамакты да абдан жакшы жасайт. А мен болсо үй жумуштарына жокмун. Бирок бир айда эки- үч жолу илхам келгенде катыра жасайм. Айнуранын эң жакшы сапаты баарына бирдей мамиле жасайт. Абдан сабырдуу. Ошол сапатын абдан баалайм. Булар – менин жүрөгүмдө, жан дүйнөмдө эмне болуп аткандыгын айттырбай билип, кеңешип сырдашкан курбуларым.

Азиза Адиева: – Роза, сен ачууга бат алдырасың. Бир аз сабырдуу болуп кой, баардыгы ордуна келет.

Роза Шакирова: – Мына эки курбум ушинтип айтканынан улам мен кадимкидей сабырдуу болуп баратам. Бул сөздү да жакшы көргөн курбу кыздарың айтат. Менин күйөөм Азизанын тыкандыгына абдан баа берип, «Азиза – жашоого бышкан кыз» деп айтып калат. Башында мен эмнеге антип айта берет деп жаман болчумун. Бара- бара көнүп да калдым (Күлүп).

Азиза Адиева: – Эми мен өзүмдү мактабай эле коеюн (Күлүп).

Айнура Салахидинова: -Мага экөөнүн тең мүнөзү аябай жагат. Роза эже – ушундай ачык мүнөздөгү шайыр адам, Азиза – жумшак мүнөздүү, жөнөкөй кыз. Алар менен баардык сырымды бөлүшө алам. Роза эже оромо менен мантыны даамдуу кылып жасап, бизди тез-тез үйүнө чакырып турат, ал эми Азиза Европа ашканасынын тамактарын түрлөп жасаганды жакшы көрөт.

Роза Шакирова: – Иии баса, Азиза үйүндө этти башка доскага, пиязды башка доскага, сабизди башка доскага кылып, ар бир жашылча-жемиштерди бөлүп туурайт. Азизаны көрүп мен да этти өзүнчө, жашылча-жемиштерди өзүнчө доскага туурап калдым. Мурда баардыгын туш келди эле туурай берчүмүн да (Күлүп).

Азиза Адиева: – Эми бул гигиена үчүн эле (күлүп). Розанын эң жакшы сапаты жүрөгү абдан таза, колу ачык. Мен ушул эки досумду эч бир адамга алмаштырбайм.

Кымбат Турдубекова

Түп нускага шилтеме : pk.journalist.kg