Акыркы макалалар

Нарын шаарындагы №14 - «Алтын балалык» балдар бакчасынын башчысы Нургүл Байбосова: «Ийгиликтер элде, эл ичинде бизде болсун»

Нарын шаарындагы №14 - «Алтын балалык» балдар бакчасынын башчысы Нургүл Байбосова: «Ийгиликтер элде, эл ичинде бизде болсун»

-- Нургүл Кадыровна, сиз жетектеген балдар бакчасы өткөн жылы облустун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу багытындагы «Жылдын мыктылары» кароо-сынагында «Мыкты бала бакча» номинациясында биринчи орунду ээлеп, биринчи даражадагы диплом жана 100 миң сом сыйлыгын жеңип албадыңар беле. Жетишкендиктерди бекемдөө үчүн быйыл кандай аракеттерди жасап жатасыңар?

-- Дайыма ийгилигибизге ортоктош болуп куттуктап, элге ишибизди таанытып жатканыңыздар үчүн редакциянын жамаатына ыраазыбыз, сиздерге чоң рахмат. Сиз айткандай өткөн жылы биз үчүн ийгиликтүү жылдардан болду. Бакчабыз 140 орундуу болгон менен Москва аймагында жашаган 250дөн ашык бала тарбияланат. «Балдар жердин жандуу гүлдөрү» деп бекеринен айтылбаган чыгаар. Гүл жарык жана жылуу жерди сүйгөндөй бөбөктөр жашап, ойноп, ойдогудай эс алуусу үчүн балдар уясынын материалдык-техникалык базасын чыңдоону башкы орунга койгонбуз.

Жергиликтүү бюджет аркылуу каржыланабыз, бирок ал жетишсиз. Андыктан эл аралык уюмдарга долбоор жазып, каражат тартууну колго алганбыз. Алсак, инвестиция тартуу боюнча каталитикалык фонддон 870 300 сом, Ага-Хан фондусунан 948 681 сом, МерсиКо уюму тарабынан 362 936 сом колдоо таап, долбоордун алкагында заманбап, керектүү жабдуулар менен камсыздалдык. Ушул айда жапондордун «Жайка» программасына да долбоор жөнөттүк. Андан тышкары быйыл жыл башында МерсиКодон 30 керебет, 30 отургуч алып келдик. «Сорос-Кыргызстан» фондусу аркылуу балдар ойноочу аянтча курулган.

-- Бөбөктөр Нооруз майрамын кандай маанайда белгилеп жатышат?

-- Биздин бала бакча жыл сайын балдарга элибиздин каада - салттарын үйрөтүү үчүн ар кандай мазмундагы иш чараларды уюштуруп, анын ичинен Нооруздун башка майрамдардан өзгөчөлүгүнө басым жасап, иш жүзүндө көргөзөбүз. Ата-энелер менен биргеликте майрамдык тамак-аштардан болгон сүмөлөк, көжөнү жасоону көрсөтүп, даам сыздырабыз. Быйыл балдардын катышуусунда элибиздин илгертеден келе жаткан «Тушоо кесүү» салтын уюштурабыз. Мындан тышкары жерге амал кирген жаз мезгилинин табият сырларын окутуп, «Желин айрылып сүт чык, жер айрылып көк чык» деген жыл мезгилинин маңызын, дан өсүмдүктөрүнүн өстүрүүдөн дан азыктарынын жасалышына чейин түшүндүрөбүз.

Жалпы эли-журтубузду жаз марамы менен куттуктап, ийгиликтер элде болсун, эл ичинде бизде болсун демекчимин.