Акыркы макалалар

Нарында үрөн тартыштыгы бар

Учурда Нарын району үрөн менен 29% гана камсыздалган болсо, Ат-Башы району 57% камсыздалган. Ал эми тескерисинче Ак-Талаа жана Кочкор райондорунда сатыкка үрөндөр бар. Мындай маалыматты КРнын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Табылды Жумагулов билдирди. Маалыматка ылайык облус аймагында сорт жаңыртууга 100 тоннадан ашык жогорку сорттогу үрөндөр керектелет. Облус боюнча 1 миң 774 айыл чарба техникалары болсо алардын 51% оң абалда болуп, жазгы өнөктүккө даяр. Айдап себүүгө жалпы 2 миң 169 тонна күйүүчү майдын 216 тоннасы (10%) тартылып келип, учурда 30-40 сомдон сатылууда.

Нарын дубаны боюнча 41 миң 300 гектар жерге айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоо пландалууда. Малдын башы өсүп жаткандыктан өткөн жылга салыштырмалуу 3 миң 171 гектарга тоют өсүмдүктөрүн көп айдоо болжолдонсо, дан өсүмдүктөрү 500 гектарга аз айдалмакчы.