Акыркы макалалар

Академик Жамин АКИМАЛИЕВ:«Эт, картошка, жашылча өндүрүү менен атаандаштыкка туруштук бере алабыз»

Нооруз жаңы тирликтин башаты. Анын үстүнө май айы менен өлкөбүз Бажы биримдигине кадам койгону турат. Мындай тобокелдик өлкөбүздүн калкы үчүн көптөгөн суроолорду жаратып, алдыдагы кылаар ишибиздин бүдөмүк болуп турганы жашыруун эмес. «Бажы биримдигине теңир тоолуктар кайсы багыттарды тутунуп, кандай даярдыктар менен барса болот» деген соболубузга гезитибиздин кадырлуу коногу, Кыргыз илим изилдөө-дыйканчылык институтунун башкы директору, академик Жамин Акималиев жооп берди.

- Жамин Акималиевич, кирип келген Нооруз майрамыңыз кут болсун. Өзүңүз билгендей, жаз айлары менен өлкөбүз Бажы биримдигине кирүү алдында турат. Айыл чарбасын мыкты билген адис катары теңиртоолуктарга кандай кеңеш берээр элеңиз. Айыл чарбасынын кайсы багыттарына көңүл бурсак атаандаштыкка туруштук берип, элибизге пайдалуу болот?

-Чынын айтканда бизге Бажы биримдиги кандай пайда алып келет, эмне зыяны бар экенин эч ким чечмелеп бербей, конкреттүү тастыктай турган эч нерсе жок болуп атат. Бажы биримдиги экономика маселеси болушу керек эле, бирок саясий маселе болуп калды. Биз даярдыксыз кирип атабыз. Бирок мен каршы эмесмин. Болгону даярданып алып кирсек болмок. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашов Бажы биримдигине кирсек 170 миллион калкка соода рыногу ачылат деп атат. Бирок биз продукциябызды Россияга түз өткөрүүгө чек арабыз жок. Казакстан биздин продукцияны өткөрөөр, өткөрбөсү белгисиз? Себеби атаандаштык маселеси бар.

Бажы биримдигинин талабына ылайык чоң рынокко чыгып аткандыктан чоң көлөмдөгү продукция беришибиз керек. Союз убагында 500 колхоз, совхоз бар болсо, азыр 350 миңден ашык майда чарбалар бар. Алардын баары өндүргөн продукциясын өз алдынча өткөрө алышпайт. Ошондуктан Бажы биримдигине кирээрдин алдында майда чарбалардын продукциясын топтоп, сактап, анан биримдикке кирген өлкөлөрдүн рыногуна алып чыккыдай мамлекеттик уюмдарды түзүү зарыл. Антпесе баягы эле алып сатаарлар жыргайт.

Эми 1-майда биримдикке кирген өлкөлөрдүн продукциялары кирип басып калат да, биздики өлөт. Айыл чарбабыз атаандаштыкка туруштук бере албайт. Товарлар 1,5 эсеге кымбаттайт. Ушул кезде Белорусиянын айлыгы бизге салыштырмалуу 2, Казакстандыкы 3, Россияныкы 4 эсеге көп. Айлыкты аларга теңөө жөнүндө маселе көтөрүлө элек. Эл кантип жашайт, кайсы акчага оокат кылабыз деген суроо курч болуп туруп атат.

Биз качан элибизди өзүбүздүн продукциябыз менен камсыздаганда гана жашоо жакшырып, токчулук болот. Нарында мал чарба азык-түлүктөрүн, анын ичинен этти көп өндүрүүгө басым жасашыбыз керек. Себеби Нарындын эти сапаты боюнча дарыдай эле бааланат. Союз мезгилинде Кыргызстанда 10 миллион кой бар болсо, анын 2,5 миллиону Нарында болчу. Эттен мурда жүн менен камсыз кылчубуз. Бир кой үч килограмм жүн берчү. Бир койдун жүнүнөн жогорку сапаттагы 9 костюм тигилчү. Карып калган койлорду этке төкчүбүз. Азыр малдын асыл тукумдуулугу 5 пайыз гана болуп калды. Атаадаштыкка туруштук беребиз десек малдын асыл тукумдуулугун арттыруубуз зарыл. Антпесе чыгымы өзүн актабай калат. Ошон үчүн нарындык туугандардын милдети асыл тукум жылкыны, уйду, койду, топозду өстүрүү керек. Бул үчүн тоют базасын түзүү башкы орунда турат. Тоют базасын жакшыртуу үчүн биринчиден жайыттарды туура пайдалануу керек. Мурда мал ошончо арбын болгонуна карабай тоюттун 60 пайызын жайлоолор берчү. Азыр 40 пайызын гана жайлоолор берип, 60 пайыз тоют талаачылыктан топтолот. Туура пайдаланылбагандыктан жайыттар, жайлоолор бузулуп атат. Мисалы Соң-Көл жайлоосу бир кезде кандай жайлоо эле. Төрт райондун малын бакчу. Кыргызстандын сыймыгы болчу. Эл аны көздүн карегиндей сактачу. Азыр тегеретесинин баары автоунаанын изи. Тапталган жерге чөп өспөй калат. Ал аз келгенсип жыл сайын Соң-Көлдө үч-төрт той өткөрүлүп, бир тойго 10 миңден киши барат экен. Анан жайлоонун эмнеси калат. Аксай, Арпа эмне деген жайлоолор эле. Азыр алыскы жайлоолорго эл барбай калды. Ошондуктан жайыттарды туура пайдаланууну уюштуруу зарыл.

Экинчиден тоют базасын түзүү үчүн талаачылыкты колго алып, беде, эспарцет, өзгөчө Нарындын шартында арпа эгүү керек. Азыр демократия деп койсо эле ат-башылыктар тоонун башына буудай сээп кирди. Буудай бышпайт. Анын ордуна арпа эксе пайдалуу болот. Себеби арпа жем. Жем жебесе мал семирбейт. Анын үстүнө арпанын саманы чөпкө барабар. Жем жеген мал жугуштуу оорулар менен эч убакта оорубайт. Асыл тукум болсо, жакшы тоют берилсе малдын кирешеси көп болот.

Ал эми талаачылык боюнча экспортко чыгарганга эң ыңгайлуу продукция картошка. Дүйнө жүзүндө сапаты боюнча Нарындын, Ысык-Көлдүн, Кеминдин картошкасына эч кимдики тең келе албайт. Картошканын мекени Перу (Түштүк Америка). Мен ошол жерде болгом. Бирок биз алып барган картошка сапаты боюнча Перунукунан да жакшы болуп чыккан. Себеби бийик жердин картошкасы крахмалы көп болгондуктан даамдуу келет. Ошондой эле пияз, сабиз, капуста сыяктуу жашылчаларды экспорттосок болот. Булар дагы дүйнөлүк рынокто витаминдүүлүгү менен айырмаланат. Ушуларга багыт ала берсек, биздин бийлик кеч болсо да логистикалык борборлорду куруп берсе, элибиз Бажы биримдигинен өз рыногун табаарына ишенем.

- Босогобузга улуу Нооруз майрамы да келип калды. Сиз үчүн Нооруздун мааниси канчалык?

- «Нооруз» сөзү перси тилинен алынганда жаңы күн, жаңы жыл, жаңылык деген маанини билдирет. Жаңы жылдын башталышы ушул болот. Бул байыртадан бери элибиз белгилеп келе жаткан татыктуу майрамдардын бири. Кийин Союз мезгилинде гана орустардын жаңы жыл майрамы киргизилип, башка улуттук баалуулуктарыбыздай эле Нооруз майрамына да анча маани берилбей калган. Бирок бала кезде Ак-Талаада жүргөндө улуу кишилер бул майрамды белгилечү. Менин ата-энем актив адамдар болгондуктан 14 жашка чейин чоң энем Кадыйдын колунда тарбиялангам. Жайкысын Орто-Сырт, Чалк Өйдө деген жерлерге жайлачубуз. Арпанын төрүндө Жайсаң-Төр деген гүлү буралган, шибери сээп койгондой болгон укмуш жайлоо бар эле. Ошого чейин барчубуз. Эл бир атка, бир өгүзгө жүгүн жүктөп алып эле көчө беришчү. Ал эми март айында жакада болоор элек. Ал жылдары кыш оор болчу. Кыш кыштай, жаз жаздай өтчү. Эми эле глобалдык өзгөрүүлөр менен аба ырайы да өзгөрбөдүбү. Энем колу берекелүү киши эле. Март айында Нооруз келди деп сүмөлөк бышырчу. Мен айылдагы балдардын баарын чакырып келчүмүн. Ачкачылыкты көрүп калган эл ынтымактуу, топуктуу эле. Ошондо бир казан сүмөлөк бир айылга бүт жетчү. Энем арча түтөтүп аластап, карбаластап сүйүнүп, эл-журтка тилек тилечү.

Ноорузда терең философия, Манастын идеологиясы бар. «Өлбөгөн жанга жаз да келет» деген түшүнүктүн мааниси Нооруз менен байланыштуу. Кыштан аман чыгып, жазга жеткен адамга жаңы тирлик, жаңы жашоо башталат. Ошондуктан элибиз Ноорузду жыл сайын үмүт менен күтчү. Мен 90-жылдары легендарлуу парламентте депутат болгон кезде ушул майрамдын майрам күн катары белгиленишин көтөрүп чыкканбыз. Тоолуу эл үчүн бул өзгөчө майрам. Ушул улуу майрамы менен жалпы эли-журтумду, теңиртоолук туугандарымды чын ниетимден куттуктайм. Жылыбыз ишке ашкан үмүттөрдүн, токчулуктун, жакшылыктын жылы болсун!