Акыркы макалалар

Нарын шаарында суу каптоо алдын алынды

Облуста аба ырайынын кескин төмөндөшүнөн улам шаарды суу каптоо коркунучу болду. 17-18-февралдарда Нарын шаарын күн чыгыш тарабындагы Чыгыш участкасынан түшкөн суудан муздар пайда болуп, күндүзү суулар нугунан чыгып ага башаган. Анын натыйжасында 40 ка чукул турак жайды суу каптоо коркунучу туулган. Мындай маалыматты Чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Аталган министрликтин Нарын шаарындагы Куткаруу кызматынын өздүк курамы жана тиешелүү кызматтарын жардамы менен муздарды чачып, муз чагылып, суу өз нугуна салынып, коркунуч четтетилди.