Акыркы макалалар

"Үмүт" жаштар киносунун форуму бүгүн жыйынтыкталат

18-20-март күндөрү Бишкек шаарында КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти тарабынан демилгеленген «Үмүт» жаштар киносунун үчүнчү форуму өтүүдө. Иш-чара бүгүн жыйынтыкталат.

Анын негизги максаты – режиссура багытында жаңы ысымдарды жаратуу, таланттуу жаштарды колдоо, кино адистерин даярдоочу жогорку окуу жайлар менен кызматташуу. Мындан тышкары, форум жаш кыргыз режиссерлордун тасмаларын улуттук жана эл аралык фестивалдарга катыштырууга көмөк көрсөтүүнү көздөйт. Форумдун программасы эки сынактан турат:

1. Документалдуу тасмалардын улуттук сынагы;

2. Кыскаметраждуу оюн тасмаларынын улуттук сынагы.

Департаменттин директору Мукталы Бектеналиевдин айтымында, аталган форумга катышуучулардын саны жылдан-жылга көбөйүүдө. Жаш киночулардын 30га жакын тасмасы ат салышууда. Быйыл мыктыларга акчалай сыйлык да берилет.

Даректүү тасмалардын конкурсуна "Балет – менин сүйүүм", "Уя", "Чекара", "Үй", "Капитан Курбат", "Образ", "Ордо", "Кызмат" тасмалары катышат. Аталган тасмалар жаш режиссерлор жана жогору окуу жайдын студенттери тарабынан тартылган.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg