Акыркы макалалар

Бишкекте Эл аралык тил жана маданият фестивалы башталды

Учурда Бишкекте Эл аралык тил жана маданият фестивалы башталды. Ага дүйнөнүн 10дон ашуун өлөлөрүндөн окуучулар келген.

Дүйнө жүзүндөгү элдердин ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелеринин бекемделишине өбөлгө түзүү фестивалдын башкы максаты болуп саналат.

Иш-чараны Эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин демилгеси менен Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, туризм жана маалымат министрлиги уюштурууда. Ага ылайык, фестивалдын ачылышында тамак-аш көргөзмөсү, кыргыз маданиятын чагылдырган каада-салттар көрсөтүлөт. Чет өлкөлөрдөн келген окуучулар да өз маданияттарын көрсөтүшөт. Ал эми концерттик программа саат 15:00дө Спорт сарайында башталат.

Фестивалга Казахстан, Украина, Косово, Индонезия, Азербайжан, Беларусь, Танзания, Грузия, Монголия, Филиппин, Индия, АКШ, Таиланд, Румыния, Россия, Тажикстан, Мозамбик сыяктуу 17 мамлекеттен келген окуучулар катышууда.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg