Акыркы макалалар

Кыргызстандык ишкерлер АКШда бизнес саммитке катышууда

Жыл сайын өтүүчү Түрк-Америка конгресси жана бизнес саммити бул жылы 17-19-мартта АКШнын Вашингтон шаарында өтмөкчү. Ага Кыргызстандан Жаш ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү катышат.

Аталган иш-чарада TUSKON Түркия өнөр жайы жана Конфедерациянын ишкерлеринин кызматташтыгы жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн жана Американын соода-инвестициялык мамилеси талкууланмакчы.

Конгресстин негизги максаты - АКШ менен түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтыгын бекемдөө болуп эсептелет.

Ошондой эле конгресстин жүрүшүндө мамлекеттик ишмерлер, парламентарий, түрк тилдүү өлкөлөрдүн жана АКШнын бизнес өкүлдөрү ой пикири менен бөлүшмөкчү.

Белгилүү болгондой, 2014-жылы конгресс "Энергетика, соода-сатык жана аймактык өнүктүрүү" темасында 16 ишкердин катышуусунда өткөн.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg