Акыркы макалалар

Түрк-Америка бизнес саммити Вашингтондо өтүүдө

Жыл сайын өтүүчү Түрк-Америка конгресси жана бизнес саммити бул жылы 17-19-мартта АКШнын Вашингтон шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандан Жаш ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү катышып жатат.

Аталган иш-чарада TUSKON Түркия өнөр жайы жана Конфедерациянын ишкерлеринин кызматташтыгы жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн жана Американын соода-инвестициялык мамилеси талкууланмакчы.

Конгресстин негизги максаты - АКШ менен түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтыгын бекемдөө болуп эсептелет.

Ошондой эле конгресстин жүрүшүндө мамлекеттик ишмерлер, парламентарий, түрк тилдүү өлкөлөрдүн жана АКШнын бизнес өкүлдөрү ой пикири менен бөлүшүүдө.

Белгилүү болгондой, 2014-жылы конгресс "Энергетика, соода-сатык жана аймактык өнүктүрүү" темасында болуп, ага 16 кыргызстандык ишкер катышкан.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg