Акыркы макалалар

Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүгүндө белгисиз себептерден аскер кызматкери каза болду

Бишкек, 14-март /Кабар/. Баткен облусунун Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүгүндө белгисиз себептерден аскер кызматкери каза болду.

КРнын Куралдуу күчтөр башкы штабынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгы билдиргендей, кечээ, 13-мартта саат 14:00гө жакын Баткен облусунун Кадамжай райондук аскер комиссариаты тарабынан чакырылган 30295 (Майлуу-Суу шаары) аскер бөлүгүнүн катардагы аскер кызматкери, 1994-жылы туулган “Ш.С.” эс-учу жок абалда бөлүмдүн медициналык пунктуна жеткирилген, ал жерде аны реанимациялык манипуляциядан өткөрүп, андан кийин бейтап шаардык бейтапкананын кабыл алуу бөлүмүнө жеткирилген.

“Бейтапканада реанимациялык иш-чаралар жүргүзүлгөн, бирок ал жыйынтыгын берген эмес. Врачтарга катардагы аскер “Ш.Снын” өлүмүнүн фактысы констатацияланган. Себептер такталып жатат”,-деп белгиледи Башкы штаб.

Аталган өзгөчө кырдаал боюнча Түштүк-Батыш аймактык команда берүүчүлөргө кызматтык иликтөө жүргүзүү милдеттендирилген. Болуп өткөн окуя тууралуу Жалал-Абад аскер прокуратурасынын гарнизонуна кабар берилип, иликтөө тобу окуя болгон жерге келген.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу кошумча кабарланат.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg