Акыркы макалалар

ЖАЛАЛ-АБАД: БАЛДАР – РЭКЕТЧИЛИККЕ КАРШЫ

15.02.2013. ЖАЛАЛ-АБАД news. Жалал-Абад шаарында областтагы мектеп окуучуларынын арасында кылмыштуулукту төмөндөтүү үчүн атайын иш-чара башталууда.

Бүгүн түштөн кийин Жалал-Абад шаарындагы №3-мектепте областтын аймагындагы район-шаарлардагы мектеп окуучларынын катышуусунда «Миграция жана балдар арасындагы рэкетчилик» темасында форум-театр өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган мектептин соцпедагогу Дамира Касымбекова билдирди.

-Бул иш-чара «Эл аралык толеранттуулук» фондусу менен биргеликте өткөрүлгөнү жатат. Бул - окуучуларга тарбия берүүдөгү өзгөчө ыкма. Анткени, окуучу балдар өздөрү ролдорду аткарып жатып, рэкет, деги эле кылмыштуулук эмне экенин, анын кесепети эмнеге алып келерин жан-дили менен сезип, туюнушат. Ошол эле учурда сөз болуп жаткан көйгөйдүн келип чыгуу себептери көрүүчүлөрдүн катышуусу менен дароо кызуу талкууга алынып, терс жолдон чыгуунун жолдору аныкталып, сунушталат. Бул ролдорду «тобокел топтору» аттуу топто мектептин ички көзөмөлүндө турган балдар өздөрү аткарышат. Алар жыл башында Ош шаарында 10 күндүк окутуу-семинарларына катышып келишкен жана бул иш-чара үчүн атайын өткөрүлгөн кастингде тандалып алынышкан, - дейт Дамира Касымбекова.

Бул иш-чарага мектеп мугалимдери, мамлекеттик тиешелүү уюмдардын, аксакалдардын, аялдардын, жаштардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү катышат. Максат - биздин коомдо орун алып жаткан терс тенденцияны күчөтүп жибербөөгө жалпы коомчулуктун көңүлүн буруу.

-Мүмкүн, мигранттар саны азайса, колунда барлар балдарын ашкере эркин койбосо, бул маселенин чечилишине салым кошкондук болоор эле. Негизинен эле бул ыкманы улантып, бардык мектептерде колдонуу дурус натыйжасын берет, - деп кошумчаларды соцпедагог Д. Касымбекова.