Акыркы макалалар

Ош шаарында тарбияга арналган семинар болуп өттү

С. Шарипов атындагы №22 мектеп – гимназиясында мектептердеги директордун тарбия боюнча орун басарларынын семинары болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө окутуп – тарбиялоодо окуу тарбия иштери боюнча орун басарлардын, соц. педагогдордун жана класс жетекчинин ролу жөнүндө маселелер козголду. «Бул иш – чаранын негизги максаты тарбиялоо ыкмаларда тажрыйба алмашуу болуп саналат» дейт аталган мектептин окуу тарбия иштери боюнча орун басары Н. Арынова. Мындай семинарлар байма – бай өткөрүлүшү керек экендигин катышуучулар жыйындын жүрүшүндө баса белгилешти. Эң кызыктуу бөлүгү «Билерман үй – бүлө» аттуу интеллектуалдык таймашы болуп, ата – энелердин жана мугалимдердин кызыгуусун жаратты.

Азизилла уулу Иманбек