Акыркы макалалар

Келдибековдун сот иши жылдырылды

Кечээ, 10-мартта Биринчи Май райондук сотунда Ахматбек Келдибековдун иши каралмак. Бирок, Келдибеков менен кошо соттолуп жаткан, убагында Социалдык фонддо анын орун басары болуп иштеген Батима Аманалиеванын жактоочусу келбей калды. Ошондой эле, сот отурумуна Келдибековдун коомдук жактоочусу Азимбек Бекназаров да келген жок. Буга байланыштуу сот отуруму 13-мартка жылдырылды.

Белгилей кетсек, буга чейин Келдибековдун жактоочусу ага карата козголгон кылмыш ишин токтотууну суранган.

Эске салсак, Келдибеков "Коррупция" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталып, 2013-жылдын күз мезгилинде камакка алынган эле. 2014- жылдын август айында ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө дарыланууга кетип, 10-февралда Бишкекке кайтып келген.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg