Акыркы макалалар

Аскар Салымбеков, “Эмгек” партиясынын лидери: “Өнүгөлү десек, жеке ишкерлерге шарт түзүшүбүз керек”

“Эмгек” партиясынын лидери Аскар Салымбеков менен учурдагы экономикалык абал, саясий партиялардын биригүүсү, жакындап келаткан шайлоо туурасында кенен маек курдук.

--2014-жыл аяктап, 2015-жылдын да эки айын жашап койдук. Бүгүнкү күндөгү биздин саясий экономикалык абалыбыз сиздин баамыңызда кандай өңүттө баратат?

--Эми биз убагында 2014-жылга кирип атып, Украинадагы окуялар мынчалык тереңдеп кетээрин сезбептирбиз. Эгер бул мамлекеттеги окуялар болбогондо биздин дагы, кошуна мамлекеттердин дагы саясий-экономикалык өсүшү азыркыга салыштырмалуу жакшы эле болмок. Себеби, биздин киндигибиз да, тамырыбыз да Россия, Казакстан менен бир болуп атпайбы. Украинадагы согуштун айынан бензиндин баасы түшүп, санкциялар башталып, доллардын куну өсүп, мунун натыйжасында экономика рецессияга (ылдыйга) түшүп калды. Муну баарыбыз эле көрүп атабыз. Анан эми мунун баары киндиктеш, тамырлаш мамлекеттер болгондон кийин бизге дагы таасирин тийгизип жатат. Биздин акчабыздын наркы дагы арзандап кетти. Инфляция болгондон кийин товарлардын кымбатташы башталат. Анын алдын алуу үчүн айлык акы, пенсияларды инфляцияга жараша көтөрүп, индексациялап туруу керек. Башкача айтканда, инфляцияны кубалап жетип туруш керек. Андай болбосо, эл жабыркап калат. Эми мындай кыйынчылык жылдар тарыхта убак-убагы менен болуп турат экен. 1998-жылдагы, андан кийинки 2008-жылдагы кризистер эсибизде да. Бул эми бир көтөрүлүп бир түшүп турчу, экономика боюнча адистер айтмакчы, спираль менен кетүүчү нерсе. Бул дагы чоң сыноо. Андан кандай чыгышыбыз керек? Бир гана жол бар. Экономиканы көтөрүш керек. Ушул максат менен ЕврАзЭСке кирбедикпи. Аны көтөрүүгө абдан чоң потенциал бар. Бирок, бизде завод-фабрикалар жокко эсе. Айыл чарбасынын азыктарын кайра иштеткен ишканалар да аз. Кендерибиздин “Кумтөрдөн” башкасын иштете албай жатабыз. Бардык жерде чыр-чатак, ызы-чуу. Артыкчылык орунда турган инфраструктуралык-комплекстүү чечиле турган маселелер, экономикалык көйгөйлөр четте калып эле саясат, интригалар, майда талаштар биринчи орунга чыккан кези. Майда-барат, талаш-тартыш, ызы-чуудан арылбадык. Ызы-чуу болгон жерде ырыскы да болбойт, өсүш да болбойт. Ызы-чуу болгон жерге инвестор келмек тургай качат.

--Экономикалык абалыбыздын начардыгына карабай, Орусияда кырдаал ушундай болуп турганда Бажы Союзуна кирип алып, ал жактын түйшүгүн кошо тартып аткан жокпузбу?

--Эми биз жакшы ой-максат менен кирдик да, туурабы? Украинада мындай окуялар болуп кетерин ким билиптир дейсиң. Муну Путин деле билген жок да. Бул өлкөнү Россияга каршы коюп, жаңжал чыгарууга аракет кылышты. Бирок, менин оюмча, бул окуялар да бүтөт. Баары бир эле согуштун кереги жок, тынчтык орнойт, баары жайына келет деген ойдомун. Ошондо баарысы тынчтык, өнүгүү керек деген чечимге келишет. Ким эле өлгүсү келсин? Ошондо тынчтыктын тегерегиндеги сүйлөшүүлөргө барууга мажбур болушат.

--Коңшу мамлекеттер менен тең ата сүйлөшүш үчүн эмне кылышыбыз керек?

-Эми кошуна мамлекеттер менен тең ата сүйлөшүш үчүн убакыттан аябай уттуруп атабыз деген ойдомун. Көп нерселерди алдын-ала жасашыбыз керек эле. Кɵп позицияларды алдырып ийдик. Салыштырып карай турган болсок, мынакей, кошуна Тажикстан бизден ашып барат. Бирок, намыстуу эл болгондон кийин өлкөнү кантип өнүктүрөбүз деп акыл калчап ойлонушубуз керек да. Кыргызстанды жакшыртам дегендердин баары амбицияларын артка таштап, биригип аракет кылышыбыз керек. Анан кийин эле баарыбыз эле Крыловдун тамсилиндей болуп чар тарапка тарта берсек ансыз деле биз тууралуу айтып жатышкандай мамлекет катары жок болобуз. Аң –сезими тумандап турган адамдарды туура жолго, нукка салып аларды алдыга баштап кете алсак, анда абийирибиздин жабылганы. Жок, андай кылбастан агындылардай болуп агым менен агып кете берсек анда мамлекетибиздин келечек тагдыры күмөн. Колубузда мүмкүнчүлүктөр болуп турганда мамлекетти сактай албасак, элибиз, келечек муун бизге наалат айтат.

--Шайлоо да жакындап келатат. Саясаттын казаны катуу кайнаган учур. Сиз жетектеген “Эмгек” партиясынын иштери кандай жүрүп жатат?

--Партиянын иштери боюнча айтчу болсом, биз бир жылдай иштеп, Кыргызстан боюнча 75 миңдей мүчө кабыл алдык. Жер-жерлерде штабдар ачылып, координаторлорубуз иш алып барып жатышат. Эми бардык жердеги иштерибиздин телегейи тегиз деп айтуудан алысмын. Бир жерде иш жакшы жүрсө, бир жерде акырын дегендей. Биздин партиянын эң башкы максаты – экономиканы көтөрүү. Ансыз маданият, спорт, бюджет ж.б. маселелер чечилбейт. Жумушчу орундарын түзүп, жерди иштетип, жерден алынган азыктарды кайра иштетип, кендерди туура пайдаланып, чакан жана орто бизнести көтөрүп алсак эң сонун болот. Дал ошол жеке ишкерлер экономиканы көтөрүп, жумушчу орундарды түзүп берип жатышат. Аны биз түшүнбөй эле аларды ашыкча текшерип, иштегенге мүмкүнчүлүк бербестен, бир ишкананы 10-20сы келип текшерип, жүдөтүп атпайбызбы. Акыры тажаган жеке ишкер “тойдум байдын кызына” деп бизнесине да кайыл болуп кетип калып жаткандар көп. Колу-бутун тушап салып атпайбызбы. Биз мындай кылбастан, иштейм дегендердин баарына шарт түзүп берип, тескерисинче, тиги жериңди да, бул жериңди да иштет, болгону салыгыңды убагында төлө дешибиз керек деп ойлойм. Милициясы келет, салыкчысы келет, анан байкуш ишкерлер ага чай бериш керек деп башын оорутуп аткандан өспөй жатабыз. Бир аз эле иш баштагандарды баарылап уй саагандай саабай, колдоп, өсүшүнө шарт түзүп берип, анан күчүн алышыбыз керек. Ошол текшерүүчүлөрдүн дагы айлыгын көбөйтүп бериш керек, ошондо ишкерлерден үмүт кылганды токтотушат. Уйду деле жем бербей саай берсең кантип сүт берсин?

--Алдыдагы шайлоолорду утурлай бириккен партиялар болуп жатат. Партиялардын биригиши боюнча кандай пикирдесиз?

--Ооба, мен биригүүлɵрдү колдойм. Мына саясий элита, саясий партиялар Кыргызстанды оңдойлу, ɵнүктүрɵлү деген максаттары менен биригип жатышат. Жеке кызыкчылыктарды, ай чапчыган амбицияларды унутуп, Кыргызстанды ойлошубуз керек. Эгер мекендин келечегин баарылап ойлонсок, ошондо гана оңолобуз. Жок, болбой эле көнгөн адатыбызга салып, бийликке келип алып, өзүбүздүн жеке маселелерди чечебиз деп ойлонсок, анда Кыргызстан эч качан оңолбойт. Ошон үчүн саясий элита биригип, жакшы ниет менен иш кылуу аракетиндебиз. Оппозиция да, бийликтегилер да ойлонушу керек. Бийликтегилер бийлик атасынан калгансып, тырмышып кеткиси келишпейт экен. Дал ушул бийликте өмүр бою болобуз дегендердин айынан өспөй келебиз. Кемчиликтердин баары ушул жерден кетип жатат. Иштей албадыңбы, өткөрүп бер дегендей да.

--“Эмгек” партиясы менен “Өнүгүү-Прогресс” партиясы биригет экен деген сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?

--Биз партиянын иштери менен эл аралап, жоолугушууларга барганда коомчулуктан, силердин (Эмгек жана ɵнүгүү) экономикалык пландарыңар окшош экен, биригип шайлоого бир барбайсыңарбы деген сунуштар болуп жатат. Албетте, алардын пикирин угуп, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок, биригүүнүн да өзүнүн кыйынчылыктары болот экен. Андыктан, жакшылап ойлонуп, күңгөй-тескейин чечип алып, андан кийин биригели деген ой бар. Анан биригип алып, эртеңки күнү ажырашып кетпегендей болушубуз керек.

Аман Иманалиев

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg