Акыркы макалалар

Нигериялык Боко Харам террордук уюму “Ислам мамлекети” делген топтун лидерине ант берди делди

Нигериядакы Боко Харам террордук топтун башчысы Абубакир Шакау ИГИЛ ридикал салафийлик тобунун лидерин халифа катары кабылдап, ант бергендиги дүйнө ММКда тарады.

Боко Харамдын Twitter адресинен таратылган 8 мүнөттүк тасмада Абубакир Шакау делген адам: “Мусулмандардын халифасы Абубакир Багдадиге кол бергенибизди жар салабыз. Тар жана кенен күндөрү, оордук жана жеңилдикте аны угуп, моюн сунабыз”, - деди. Ислам дүйнөсүнүн пайдасы үчүн буга баргандыгын айткан Шакау “дүйнөдөгү бардык мусулмандарды халифага ант бергенге жана аны колдоого чакырабыз” дейт.

Мындан мурун Пакистан, Египет, Ливия жана Алжирде кээ бир радикал топтор Абубакир Багдадиге кол бергенин жарыялашкан. ЦРУнун пресс-катчысы Райан Трапани былтыр сентябрда ИГИЛде 20 миңден 31 миң 500 арасында сугушкер бар деп болжолдонгонун билдирген. Боко Харамда 6 миң согушкер бар экени айтылып келет.

Африканын эң канкор террор уюму катары айтылган Боко Харамдын жанкечтиси кечээ Нигериянын Маидугури шаарында жарылып, эң эле азы 54 кишинин өлүмүнө себеп болуп, 140 ашык адам жаракат алган. Бул жардыруу жогорудагы ант жарыялангандан кийин дароо болгон.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg