Акыркы макалалар

Эльмира КАБАТАЙ кызы: “БАЛЕТТИН ПИАРЫ –– УЧУРДУН ТАЛАБЫ”

Эльмира КАБАТАЙ кызы: “БАЛЕТТИН ПИАРЫ –– УЧУРДУН ТАЛАБЫ”

Дүйнөлүк классикадагы “Баядерка”, “Жизель”, “Саманчынын жолу”, “Лебединое озеро”, “Шахризада” жана башка спектаклдерде башкы ролду аткарып, балеттин тилинде окуяны көз алдыга бүгүнкүдөй чечмелеп берген А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын солисти, балерина Эльмира КАБАТАЙ кызы кыргыз балетинин күнгөй-тескейи тууралуу биз менен ой бөлүштү.

- Элмира айым, азыркы учурдагы экономикалык кыйынчылыктарга карабай кыргыз балети өзүнүн репертуарларын улам алмаштырып, спектаклдерди тынымсыз эле коюп келет. Сиздердин эмгегиңиздерди баалап, сүйүп келген көрөрмандарыңыз бүгүнкү күндө көп элеби?

- Азыр көрөрманыбыз мурдагыга караганда көбөйүп калды. Чет элдик коноктор да дайыма келишет. Алардын алдыңкы катарда олтуруп көргөн учуру көп болот.

- Балет өнөрү дегеле искусство өнөрлөрүнүн ичинен эң татаалы болсо керек. Себеби кинодо жана театрда артист каармандын образын сөз менен жаратат эмеспи. Ал эми балетте кыймыл-аракет менен гана каармандын ички дүйнөсүн ачып бериш керек. Деги балетте образ жаратуу үчүн чыгармачылык изденүү кандай жүрөт? Ушул тууралуу кеп салсаңыз?

- Жаңы спектаклге даярданууда албетте,алгач каармандын бийлей турган кыймыл-аракеттерин жаттайм. Ал эми образдын ичине кириш үчүн кадимкидей эле чыгармачылык изденүүнүн түйшүгүн тартам. Мисалы, Толгонай эненин ролун аткаруудан мурда чыгарманы кайра-кайра окуп чыктым. Дегеле образды жаратуу үчүн чыгарманы окуп гана тим болбостон, киносу болсо, аны да көрүп чыгамын. Аткара турган каарманыңдын эмоциясын өз ичиңден издей баштайсың. Эгерде эмоциясы жок жөн эле бий болчу болсо, бул тек гана техника болуп калат, каармандын ички дүйнөсүнө кирип, анын психологиясын ачып бере албай каласың.

- Азыркы күндө кандай шартта иштеп жатасыздар?

- Биз учурда шарты жок эле иштеп жатабыз. Негизинен артисттер ийне-жибине чейин камсыздалышы керек. Бирок көбүнчө өз чөнтөгүбүздөн каражат бөлүп иштегенге туура келет. “Эптештирип” эле жүрөбүз. Костюмдарды өзүбүз тигебиз, себеби эски айрылган кийимдерди кийип чыккандан уяласың. Жаңысын алууга каражат жетишпейт. Сахнанын суугунан жакшы бийлей албай калган учурлар болот, кээде сууктан ооруп да калабыз. Суук сахнада бут муздап, булчуңдар иштебей калат.

- Орусиялык белгилүү балерина Волочкова биздин театрга келип: “Бул полдо бийлей албайм, оңдоп бергиле”, – деп айтыптыр деген каңшаар кеп тараган эле. Ушунун чындыгы канчалык?

- Волочкова атайын бийчилерге ылайыкталган өзгөчө технология менен жасалган линолеум эмес кадимки эле, үйлөргө төшөй турган линолеум эле салдыртып кеткен. Ал эми сахнага атайын бийлөөгө ылайыкталган линолеум төшөлөт. Ал өтө кымбат турат. Бирок биз ошого деле аябай кубанганбыз. Тилекке каршы, ал линолеумубуз көпкө чыдаган жок (жыртылып-тешилип калды). Ал линолеум картага айлангандан кийин (күлүп), эптеп мамлекеттен каражат табылып тиешелүү линолеум салынды. Совет мезгилинин учурунда сахна жыгачтан эле жасалган болчу да. Ал жыгач пол улам сүрүлүп, каралып турбагандыктан, бийлегенде буттарыбызга жыгач-тикенектер кирип кыйналчубуз.

- Азыркы учурда мурункудай Бүбүсара Бейшеналиева, Чолпонбек Базарбаев, Рейна Чокоева, Айсулуу Токомбаевадай коомго белгилүү балет бийчилеринин атын уга бербейбиз. Бизде чын эле таланттуу бийчилер чыкпай жатабы же балет өнөрүн таанытуу,рекламалоо каралбай жатабы?

- Мурда совет мезгилинде театр чоң репертуар менен иштесе, азыр шарттын жоктугунан репертуарыбыз кыскарып кеткен. Ошондуктан дүйнөлүк классикадагы спектаклдерди кайра-кайра кайталап койгонго туура келет. Ал эми улам жаңы ролду аткаргысы келген артисттер үчүн мындай кайталанма нерселер кызыксыз болуп, айрымдары кетип да калып жатышат. Эгерде алар кайтып келсе, балким балет жакшырмак. Бизде рекламалоо, пиар боюнча адис бар, чет өлкөдөн өнөр адамдары келгенде жигердүү иштейт. Чындыгында эле балетти пиарлоо учурдун талабы болуп жатат.

- Азыркы күндө балетке тагдырын байлап келген таланттуу, өзгөчөлөнгөн жаштар барбы?

- Азыр айрыкча, эркек балет бийчилеринин көп болгондугу кубантат. Анткени мурда алардын саны аз болчу. Тилекке каршы, биздин өлкөдө маяна аз болгондуктан, бийчилерибиз башка өлкөлөргө кетип калып жатышат. Эгерде алар Кыргызстанда калып, жаш бийчилерди окутуп, тарбияласа, өлкөбүздө балеттин өнүгүшүнө абдан чоң салым болмок.

- Бүгүнкү күндө балетти өнүктүрүү үчүн эмне кылыш керек деп ойлойсуз?

- Биринчиден, учурда 6000 сом маяна көп нерсеге жете бербейт. Бийлегенге абдан көп энергия кетет. Бийчи үчүн энергия абдан маанилүү. Кубатың алсыз болуп, энергияң жетишпей турса, кайдан жакшы бийлейсиң. Ошондуктан жакшы тамактанып, курамында белок бар азыктарды, мөмө-жемиштерди көп жешибиз керек. Канчалык жакшы тамактансак, канчалык энергиябыз көп болсо, залга ошончолук импульс беребиз. Экинчиден, башка өлкөлөрдөн балетмейстерлерди чакырып, алар менен иштешүү менен жергиликтүү балетти өстүрүү да дүйнөлүк практикада арбын колдонулуп келет. Биздин театр да ушул жагын колго алса, жакшы болмок. Азыркы учурда Талант Осмонов 4-5-спектаклди коюп, жок дегенде бий жагына стимул берип жатат. Ошондой эле көрөрмандарыбыз театрыбыздын www.operabalet.lg.kg сайтына: “балетти өнүктүрүүгө биз да колубуздан келишинче салым кошсок” деген пикирлерин жазып турушканы да бизге дем-күч берип келет.

Маегиңиз үчүн сизге чоң рахмат, Элмира айым!

Түп нускага шилтеме : saresep.kg