Акыркы макалалар

28-мартта акын К. Урманбетовдун поэзия кечеси өтөт

28-мартта акын, драматург Кыялбек Урманбетовдун поэзия кечеси өтөт. Иш-чара Улуттук филармониянын чоң залында уюштурулат. Бул тууралуу Маданият минитрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Акын Кыялбек Урманбетов Фрунзе шаарында 1959-жылы туулган. Кесиби журналист. 100дөн ашуун обондордун ырлардын автору. Республикалык чыгармачыл жаштар фестивалдарынын бир нече жолку лауреаты. 2000-жылы Кыргызстан Жаштар сыйлыгынын лауреаты, 2005-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» ардактуу наамы ыйгарылган. Ал балдарга арналган жыйнактары менен да белгилүү.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg