Акыркы макалалар

"Ислам мамлекети" делген экстремисттер өздөрүнүн 11 аскер башчысын өлтүрдү

"Ислам мамлекети" (ИМ) делген террорчу топтун согушкерлери өздөрүнүн 11 аскер башчысына чыккынчылык кылды деген кине коюп мерт кылышты. Бул тууралуу бугүн lenta.ru маалымат порталы билдирди.

Буга ирактык Тикрит шаарынан ИМнин 150 согушкеринин аскер башчылары менен качуусу себеп болгон. Окуя 2-мартта Ирак мамлекетинин 30 миңдик армиясынын аты аталган шаардын чыгыш жана түштүк тарабын көзөмөлгө алуусунан соң болгон.

"Ислам мамлекети" - Сирия менен Ирактын бир бөлүктөрүн басып алып ал жерде "халифат" жарыялаган террордук топтун аталышы. Анын башчысы Абу Бакр аль-Багдади өзүн Ибрагим аттуу халифа, борборун Мосул шаары деп жарыялаган.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg