Акыркы макалалар

Нарын шаарындагы жаңы базардан орундар берилбесе соодагерлер ачкачылык жарыялап, өрттөнүүгө чейин барышат

Нарын шаарындагы өрттөнүп кеткен базардын ордуна салынган, Он-Арча базары ачылып иштей баштады. Аталган базар 140 орунга ылайыкталып эки кабатуу болуп курулган. Бирок базардын ичиндеги орундар 200 миң сомго чейин сатылып жатканына нааразы болгон соодагерлер шаардык мэрияга чогулушуп, шаар мэри Баатырбек Жээналиев жана базар башчысы Кылыч Эсеналиев менен жолугушту. Мындан үч жыл мурун “Береке” базары өрттөнүп кеткенден кийин анын ичинде соода кылган 70ке чукул адам базардын айланысында ачык асман алдында соода кылып келишкен. Жаңы базар салынса, аларга орундар берилээрин убадалаган базар жетекчиси Кылыч Эсеналиев “Биз базарды курууга алган карыздарыбыздын мөөнөтү жетип калгандыктан орундарды сатууга туура келди. Азыр 30дай эле орун бар, аны 30 кишиге берсек калгандары нааразы болушат”, - дейт. Ал эми соодагерлер да насыя менен иштеп жаткандыктарын айтышып, мурдагы соода кылгандардын баарына орундарды берүүнү талап кылышты. Эгер талаптары аткарылбаса ачкачылык жарыялап, өзүн-өзү өрттөөгө чейин барышаарын эскертти. Ал эми мэр Баатырбек Жээналиев базар башчысына 70 соодагерди орундар менен камсыз кылууну ойлонуп көрүүнү тапшырды.

“Береке” базары өрттөнгөндө соодагерлер менен базар ээси 15 млн.сомдон ашык каражатка чыгым болушкан.