Акыркы макалалар

Раиса Атамбаева: Борбор калаада ар бир алтынчы кыз жыныстык жашоосун 14 жашында баштайт

Кыргызстанда репродуктивдик ден соолук тармагында абал күндөн күнгө начарлап бара жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын биринчи айымы Раиса Атамбаева Бишкекте өтүп жаткан аялдардын улуттук форумунда маалымдады. Ал Бишкекте жүргүзүлгөн изилдөөгө таянып, өспүрүм курактагы кыздар арасында бойго бүтүү жана бойдон алдыруу фактылары көбөйгөнүн айтты.

“Кыргыз-орус (славян) университетинде жана Медициналык академияда акушер жана гигиена кафедрасында иштейм. Биз шаардагы 12 мектептеги 2 миңге жакын кыздан анонимдүү анкета алдык. Жыйынтыгында Бишкектеги ар бир алтынчы кыз жыныстык катнашка 16-17 жашында барары тастыкталды. Бул ч кичинекей шаар үчүн өтө чоң көрсөткүч жана бул коомго абдан терс таасирин тийгизет”,-дейт Раиса Атамбаева.

Кыргызстан аялдар кыймылынын 90 жылдыгына карата уюштурулган эки күндүк аялдар форуму 3-мартта Улуттук филармонияда жыйынтыкталып, атайын паландар түзүлөт. Форумга коомдогу көрүнүктүү айымдар жана жети облустан 1200 аял катышууда.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg