Акыркы макалалар

Исмаил Исаков, ЖК депутаты: “Шайлоодо административдик ресурстар негизги ролду ойнобойт”

Парламентте партиялык диктатурага эмес партиялык демократияга ыктаган депутаттардан саналуу. Алардын бири Исмаил Исаков. Акаев, Бакиев заманында чындык тарапта болгону үчүн куугунтукка кабылган. Азыркы кезде дагы парламентте отуруп улуу ойчул Сократ айткандай: “Сен менин досумсуң, бирок чындык сенден артык” деген принципти карманып, фракциялаштарынын терс жактарын таамай бетке айтып турат. Исмаил Исаков менен парламенттин иши жана жалпы эле азыркы саясий абал тууралуу маектештик.

--Исмаил Исакович, азыркы парламентке сын-пикир айткандар көп. Сиз парламенттин өкүлү катары Жогорку Кеңештин кандай терс жана оң жактарын баса белгилеп айта аласыз?

--Сын-пикирлердин Жогорку Кеңешке, Өкмөткө же башка бийликтин бутактарына көп айтылганы абдан жакшы көрүнүш. Коомдун ачыктыгынын белгиси. Жогорку Кеңешке айтылган сын-пикирлер Жогорку Кеңештин өзүнүн ишинин алга жылышына, депутаттардын жалпы элдин маселелерин туура чечүүсүнө түрткү берет. Жогорку Кеңеш бир эле мыйзам чыгаруу бийлиги эмес, ал элдин трибунасы. Элдин депутаттардын алдына койгон маселелери, алардын талаптары, сунуштары жана айтылган сын-пикирлери ошол жерде айтылып, талкууланып, керектүү мамлекеттик органдарына тапшырма берилет. Айтылган сөздөр бирөөсүнө жакса, албетте экинчисине жакпайт. Бирөөсүнүн укуктарын коргосо, экинчисинин укуктары корголбой калышы мүмкүн. Анан сын-пикирлер кантип айтылбай койсун. Айтылат, айтылган, мындан кийин да айтыла берет. «Акырын бассаң аксак, катуу бассаң таскак» дегендей эле. Азыркы Жогорку Кеңеш өзүбүздүн тарыхыбызда партиялык тизме менен келген депутаттардан түзүлүп, биринчи жолу парламенттик-президенттик бийлик системасында өздөрүнүн иштерин алып барып жатат. Мына ушундай кырдаалда албетте Жогорку Кеңештин ишин жакшы же жаман деп айтыш дагы туура болбой калат. Кандай болбосун азыр ачык коом түзүлгөн учур, Жогорку Кеңеш дагы башка бийлик бутактарындай эле тазалануу процессинин башталышында турат. Менин оюмча бул өтө чоң жакшылыктын багытынын бири деп эсептейм. Мына ушундай процессти биздин жарандардын көпчүлүгү туура эмес түшүнүп, «Эмне үчүн депутаттар иштегендин ордуна бирин-бири чукушуп, бири-бири менен урушуп жатышат? Эмне Өкмөттөгү кемчиликтерди айтышат, эмне үчүн Президентти да сындашат, андан көрө баары ынтымакта болуп, урушпай, талашпай иш алып барышпайбы?» деген сөздөрдү айтып, дооматтарды депутаттарга коюп жатышпайбы, туурабы? Ошону менен бирге эмнегедир элибиздин ушундай көрүнүштөрдүн экинчи жагын көрө албагандыгы бүгүнкү күндүн кемчилиги. Жогорку Кеңеште канчалык бирин бири «чукушса», кемчиликтерин айтып чыгышса, канчалык көп өз көз караштарын далилдөө, аларды жалпы коомго түшүндүрүү үчүн талашса, урушса ошончолук тазалануу процесси алга жылып, элге берген убадаларын аткарууга болгон аракети ишке ашмак. Бүгүн Жогорку Кеңеште ушундай процесстин болуп жатканы бул Жогорку Кеңештин оң жактарынын бири деп эсептейт элем. Мындай көрүнүш келечекте сөзсүз жемишин берет. Терс жактарынын бирин айтып кетсек, ал элибизге жараша «эшегине жараша тушагы» дегендей шайланып келген депутаттардын ишмердүүлүгү, сапаттуулугу, эл үчүн жасаган аракеттери, коррупциялык көрүнүштөргө катышкандыгы, алдамчылыгы, ж.б. алардын мыйзамдарды талкуулап жаткандагы көз караштары. Мисалы, кээ бир депутаттарыбыздын төрт жыл ичинде жок дегенде бир дагы жолу үнүн чыгарып «му» деп койбогондугу. Ушундай абалда «хоп-майлисинен» башка дагы ооздорунан сөз чыкпаса элдин маселеси чечилеби, мамлекеттин иши алдыга жылабы, коррупциялык схемалар иштебей калабы, жакшы профессионалдуу деңгээлдеги кадрлар алдыга чыгабы? Албетте чечилбейт, иш алдыга жылбайт… Бул чоң кемчилик.

--2010-жылы парламентке өткөн партиялардын кадыр-баркынын түшкөндүгүн улуттук изилдөө институту билдирип чыкты. Мунун себебин эмне деп эсептейсиз?

--Жогорудагы сен айткан институт кайсыл «призма» менен карап, билдирүү бергенин мен билбейт экенмин. Алардын билдирүүсүнө баа берүү үчүн ошолордун Жогорку Кеңешти караган «призмасын» экөөбүз биргелешип карап чыксак, ошондо кадыр-барктын түшкөндүгүнүн себебин айтсак туура болот. Ошого карабастан, алар кандай баа беришпесин Жогорку Кеңеш өзүнүн конституциялык функцияларын аткарып, мыйзамдарды кабыл алып, орчундуу маселелерди атайын жыйындарда карап, Өкмөткө аткаруу боюнча көрсөтмө берип, өз иштерин алып барууда. Андан башка Жогорку Кеңеш бүгүнкү күндө жогорку саясий талаанын (талаштын, кемчиликтердин айтылышынын ж.б.) борборуна айлануу менен өлкөдөгү стабилдүүлүктү, туруктуулукту башка бийлик бутактары менен бирге камсыз кылууда.

--2010-жылдагы парламенттик шайлоодо эл алдында берген убадаларды кайсыл партиялар актай алды?

--Эгерде мен бүгүнкү парламентте отурган партиялардын өкүлдөрүнүн элге берген убадаларынын көпчүлүгү аткарылды же такыр аткарылган жок десем, туура болбой калат. Партиялардын өкүлдөрү өздөрүнүн элге берген убадаларын толук кандуу ишке ашыруу боюнча көп аракеттерди жасашты. Тилекке каршы, объективдүү жана субъективдүү негиздер менен берген убадаларынын дээрлик көпчүлүгү иш жүзүнө ашпагандыгы бул бүгүнкү күндүн ачуу чындыгы. Анын себебин далилдөө үчүн башкаларды коюп бир эле фактыга токтоюн. Эң көп добуш алып келген партия бул «Ата Журт» -- 28 мандат, бул Жогорку Кеңештин 23-24 пайызын түзөт. Калган партиялар мындан аз добуш алышкан. Демек, өздөрүнүн программаларын аткарып, реформа жүргүзүш үчүн жок дегенде 50 добуштан аз эмес, ал эми конституциялык мыйзам өткөрүш үчүн 80 добуштан аз эмес мандат талап кылынат. Добуштарынын аздыгынын кесепетинен көпчүлүк коалицияны түзүүдө партиялар өздөрүнүн берген убадаларын үстүртөн карап, Өкмөттүн курамын эптеп-септеп түзгөнгө аргасыз болуп, жок дегенде кээ бир министрликтердин портфелин ээлеп калайлык деген жолго түшүшүп, сен айткан убадалар аткарылбай калгандыгынын чындыгы бар. Эгерде шайлоодо бир партия конституциялык көпчүлүк добушка ээ болуп келсе, анда мен айтаар элем 100 пайыз болбосо дагы 90 пайыз өздөрүнүн убадаларын ишке ашырмак.

--Шайлоодо добуш алуудагы 3 фактор: акча, административдик ресурс жана эл бар эмеспи . Ушулардын кайсынысы келаткан шайлоодо чоң роль ойнойт деп ойлойсуз?

--Албетте, сен айткан факторлор жөндүү, бирок мен 3 негизги фактор деп биринчи -- элибизди, экинчи -- акчаны, үчүнчү -- массалык маалымат каражаттарын айтаар элем. Бүгүнкү күндө сен айткан административдик ресурстар менин жеке оюмча негизги ролду ойнобойт. Негизги ролду эл ойнойт, акча жана массалык маалымат каражаттары. Акча бул -- жарнама, маалыматтарды чыгаруу, элди чогултуу, партиялардын программаларын ар бир айылга, кыштакка жеткирүү, өздөрүнүн үгүттөөчүлөрүн көбөйтүү жана башкалар. Массалык маалымат каражаттар – партиялардын иштерин, анын кээ бир мүчөлөрүн даңазалоо, анын программаларын чыгаруу менен көп сандаган баракчада элге жеткирип таратуу, башка партиялардын кемчиликтерин айтуу менен алардын өздөрүнүн партиялары менен салыштырмалуу начарлыгын далилдөө, керек болсо жамандоо, колу таза эмес тизмеге кирген талапкерлердин беттерин ачуу жана башка. Бирок, жогорудагыларга карабастан, акыркы чекитти коюп, өз позициясын билдире турган бул -- эл. Ошондуктан, азыр элибиздин мурунку убакыттарга салыштырмалуу аң сезими кыйла өйдө өстү, көпчүлүгү мурункудай сатылбайт, алданбайт жана биринчи ролду ойнойт.

--Коррупция менен бир нече коллегаларыңызга иш козголуп, камалганы камалып жатат. Буга кандай пикирде болуп жатасыз?

--Коррупция менен болобу же башка кылмыштардын түрлөрү болобу аларды болтурбай коюу, алдын алуу жана күрөшүү бул мамлекеттик бийликтин эң негизги милдеттеринин бири. Мамлекетте канчалык мыйзамдуулук өкүм сүрсө, кылмыштуулук аз болуп, эл жакшы жашап, турмуш жеңилденип, өнүгүп өсүш тез болмок. Азыркы болуп жаткан аракеттер бул бир адамдын же бир мамлекеттик мекеменин эмгеги эмес, бул бүгүнкү системанын иштешинин биринчи кадамдары. Демек, биз ушул системаны алга жылдырып, мамлекеттик органдардын өзгөчө укук коргоо органдарында, сот бийлигинде тез аранын ичинде кардиналдуу реформага барсак, коом жогоруда сен айткан көрүнүштөрдөн тез тазаланмак. Тилекке каршы, реформанын алга жылбагандыгынан, мыйзамдуулуктун өкүмү так ачык жүрбөгөнүнөн, бүгүнкүдөй жарым-жартылай иштер жүрүп, коомдун ичинде ар-кандай пикирлер айтылып, сот тарабынан далилденбеген иштерди да коррупцияга байланыштырып, жеке көз караштары келишпеген жарандарды эл арасында жаман көрсөтүү менен бирге камалып жатканы да орун алууда.

--Парламенттин таратылышы мүмкүн деген кептерди Орус маалымат булактары айтып чыгышты. Тарап кетүү коркунучу барбы?

--Жогорку Кеңешти таркатуунун эрежеси Конституциянын 78-беренесинде так жазылган. Жазылган эреже боюнча Жогорку Кеңеш өзүн таркатуу жөнүндө чечимди депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес добуш менен кабыл алыш керек. Бул 80 добуштан кем эмес деген сөз. Айтчы, кайсыл мамлекеттик кызматкерлер өзүн өзү жойгондорун? Жогорку Кеңешти таркатуу үчүн бүгүн эч кандай негиз жок. Ошону менен бирге сен айткандай кээ бир тышкы күчтөргө Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурун таратылышы ыңгайлуудур. Ошондой болсо, алардын ою боюнча Жогорку Кеңешти таркатуу “ширма” болушу мүмкүн. Анын артында президентти алмаштыруу менен жана башка экономикалык кызыкчылыктар турушу ыктымал. Бүгүнкү парламент ошол эле орустар менен болгон келишимдерди (Камбар-Ата 1, Бажы биримдиги, газ тармагы ж.б.) “ураа” деген ураан менен колдоп бербедиби. Кана логика? Демек, анын түбү башкада экени билинип жатпайбы. Өзүң ойлосоң, бүгүн депутаттардын арасынан көп дегенде Президентке каршы 10-15 депутат болсо, мыйзамсыз күч менен таркатууда жок дегенде 90-100 депутат ага каршы чыгат. Азыркы учурда керекпи, өзүнө өзү каршы чыккандарды көбөйтүү? Эч кимге кереги жок. Экинчиден, шайлоонун мөөнөтү ансыз да жакындап калды, ушул жылдын күз айларында өтөт. Ошондуктан, жогоруда айтылган сөздөр, эл арасында жүргөн ушактар менин оюмча негиздүү эмес.

--Сизди келаткан шайлоодо оппозициялык маанайдагы партиялар менен барат деген кептер бар. Азыркы оппозиция менен мамилеңиз кандай?

--Биринчиден менин мамилем баары менен бирдей. Кимиси мыйзамдардын алкагында жүрбөсө, алардын бардыгына өзүмдүн мыйзамдуу позициямды билдирип жүрөм. Мен оппозициянын курамына кирген эмесмин. Ошого карабастан, кээ бир массалык маалымат каражаттарында мени “оппозицияга кошулат экен, Атамбаев кетсин деген ураан менен чыгышат экен” деп жазса, кээ бирөөлөрү “оппозицияга кошулуп Кыргызстанды Украинадагыдай кырдаалга алып барат экен” дешип, чындыкка жатпаган жалган маалыматтарды элге тартуулап жатышат. Мага кошуп Бөдөш Мамырованы дагы жазып жүрүшөт. Биз баарыбыз мурунку үй-бүлөлүк системага каршы чыгып, биргелешип күрөшүп, бүгүнкү системанын орношуна салымыбызды кошконбуз. Азыр Бөдөш экөөбүз тең көпчүлүк коалициянын курамындабыз. Мен болсо президент Атамбаев менен биргелешип бир команда болуп парламентке келгем. Анан уйкудан чочугансып биздин “Атамбаев кетсин” деген ураан менен чыгуубуз логикага дагы, адамгерчиликке дагы, этика-моралга дагы жатпайт. Бирок, бир команда болгону менен экөөбүз тең ар кандай маселе боюнча өзүбүздүн позициябызды так жана ачык билдирип жүрөбүз. Сындаган учурлар да көп болгон. Сындоо, кетирген кемчиликтерди бетке айтуу ал тигиге же буга каршы экендигиңди билдирбейт. Ошондой позицияда жүрсөк биз жөнүндө жалган маалыматтарды атайын жазуу бул кээ бир күчтөрдүн бизди бири-бирибизге каршы чыгаруу багытындагы аракеттери гана деп эсептесек болот. Ал эми шайлоо боюнча азырынча кайсыл партия менен бара тургандыгымды аныктай элекмин. Ошого карабастан, ар кандай партиялардын лидерлери менен жолугуп, өзүбүздүн программаны сунуштап, алардыкын угуп, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгерде биздин программаны ким колдосо, ким ошол программаны аягына чейин чыгуу үчүн бардык күчүн жумшап, кыйынчылыктарга чыдап ишке ашырууга макул болсо, биз алар менен бирге болууга дайыма даярбыз. Дагы бир айтып кетчү нерсе, биздин элитадагы жана элибиздеги сиңип калган кээ бир терс көз караштан ажырасак жакшы болмок. Ал оппозиция маанайдагы адамдарды душман кылып көрсөтүү, аларды “төңкөрүш жасайт экен, башаламандыкка алып барат экен” деп атайын каралоо адатыбыз. Айтчу нерсе, оппозиция болбогон жерде эч качан өнүгүү болбойт. Эгерде оппозиция жок болсо биз аларды атайын түзүшүбүз керек. Алар менен позицияларды тактап, далилдеп, телевидениеден, башка массалык маалымат каражаттарынан көбүрөөк беттешип, позицияларды элге сунуштап турсак ошондо гана эл өзү кимди ким экендигине баа берип, кимди колдоорун өздөрү эле чечмек. Тилекке каршы биз бүгүн андай деңгээлге жете элекпиз. Бул биздин элибиздин дагы, элитабыздын дагы трагедиясы.

Жакшылык Бердибек уулу

Бүгүнкү парламент ошол эле орустар менен болгон келишимдерди (Камбар-Ата 1, Бажы биримдиги, газ тармагы ж.б.) “ураа” деген ураан менен колдоп бербедиби. Кана логика? Демек, анын түбү башкада экени билинип жатпайбы.

Акыркы чекитти коюп, өз позициясын билдире турган бул -- эл. Ошондуктан, азыр элибиздин мурунку убакыттарга салыштырмалуу аң сезими кыйла өйдө өстү, көпчүлүгү мурункудай сатылбайт, алданбайт жана биринчи ролду ойнойт.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg