Акыркы макалалар

Көпкөк, көк жылгаяк

АТ-БАШЫ. Өткөн жылы Чатыр-Көл кинотеатрынын жанындагы аянтка 300 миң сомдон ашык каражат жумшалып, атайын муз аянтчасы курулган. Ал быйыл да ишке киргизилип, кыш түшкөндөн бери балдардын сүйүктүү жайына айланып калды. Коньки менен камсыздоо үчүн атайын жай да ачылган. Ал жерден каалоочулар катталып, белгилүү мөөнөткө коньки алып тээп, кайра өткөрүп берип турушат. Аны өткөн жылдан бери «Аю» фирмасы уюштуруп берүүдө. Бул муз аянтчасы балдардын бош убактыларын көңүлдүү өткөрүүгө, алардын ден-соолугун чыңдоого эң сонун пайдасы тийүүдө-дешип ата-энелер да кубанышууда.