Акыркы макалалар

Оппозициянын башын оппозиция жейби?

Учурда оппозиция жээгиндеги саясатчылар, коомдук ишмерлер жана журналисттердин ортосунда ит менен мышыктын образы жаралып турат. Бири-бирин каарып, бири-бирин жээрип, бири күлгө чапса, бири БОКко чаап атышат.

Маселен, кече жакында эле оппозициячыл журналисттердин бири Асланбек Сартбаев БОК (Бириккен оппозициялык кыймыл) лидери Равшан Жээнбековду «Оппозиция болууга моралдык укугу жок» деп айтып чыкты. Сөзүбүз кургак болбосун үчүн анын айткандарын төкпөй-чачпай мисалга келтирели: «Оппозиция аман эле болсун! Лидери Равшан Жээнбеков болгонуна менин ичим чыкпайт. Равшан бир кезде бийлик менен ойноп, Эльмурза Сатыбалдиев менен сүйлөшүп, соодалашып, 2-сентябрда «Азаттыкка» Бакиевдин реформасын колдоп, мактап чыкканы чындык. Мына ошол Равшан байкебиз эми элдин ишенимине ээ болууга жанталашып, УОКбу, же БОКпу, айтор, бир кыймылга өзүн жаздырып, жасалма жарлык менен пиар кылып жүрөт. Эртең Атамбаевдин кара жини кайнаса, Жээнбековдун куйругун толгоп койсо, бу эргул Бакиевди мактагандай эле Атамбаевди жактап чыгары ажеп эмес. Мен ошон үчүн Равшан мырзанын бүгүнкү позициясын колдобойм. Бул адам каалаган учурунда түлкүдөй ойт берип, өз кызыкчылыгын чечип, оппозицияны сатып кетиши толук мүмкүн. Андыктан, бүгүн мен Равшан Жээнбековдун оппозиция болууга моралдык укугу жок экенин расмий айта алам. Себеби, ал Акаев, Бакиев режимдеринде өзүнүн оюнчу экенин көрсөтүп, бийликте манчыркап, менчиктештирүү жоруктары менен жеке кызыкчылыктарын жетип, элдин ишенимин сатканы жалганбы?» дейт ал. Демек, Равшан мырзанын «ат көрбөгөн минип өлтүрөт» болуп, Акаев доорунда Маммүлктү башкара коюп, мамлекеттик обьектилерди текейден арзан баада пулдап жиберип, байыганан оппозиция деле билет. Анын бир позициясы жок, ойноок колдой ойноп турмайы бар экенин дагы билишет. Муну бир дейли. Эске сала кетсек, буга чейин аны дагы бир оппозициячыл саясат таануучу Сабыр Муканбетов согуп чыккан болчу. «Бийликти басып алалы, тартып алалы дегенден башка ойлору жок болсо, кантип колдойт элек» деп айткан.

Демек, Равшан Жээнбеков башында турган оппозициянын бир гана максаты – эптеп бийликти тартып алуу болуп атканын түшүнсөк болот. Мамлекетти өнүктүрүү, өстүрүү багытында конкреттүү программалары жок. Болсо да Америкага жага турган чалмакей программаларын эптеп андан-мындан уурдап алып жазып коюшкан. Анан отуруп алып, бүгүнкү бийликти сындагандан башканы билишпейт. Үчүнчүдөн, кече жакында эле аталган оппозициялык кыймыл кезектеги жыйынын өткөзүп, анда алдыдагы жазы саясый күрөшкө «Атамбаев кетсин!» деген ураандын алдында чыга тургандыктарын билдиришкен. Бирок, көп өтпөй эле аны Равшан мырза өзү жокко чыгарды. «Бул жөн гана сунуш болчу, Өмүрбек Суваналиев сунуштаган, колдоо таппады» деп чыкты. Демек, эми жакында Суваналиев Равшан мырзаны согуп чыкса, таң калбай эле койсок болот. Айтор, ынтымагы жок жерден ырыс качат дегендей эле болуп атат. Жалаң бийликке таарынгандар, бийликтен куру калгандар, жыгылса да күрөшкө тойбогондор топтолуп алышып, бирок ырктары келишпей атканын көрүп атабыз. Минтип ит менен мышыктын абалында турушуп, анан бийликке барабыз деп аткандарын кандай түшүнсөк болот? Анда эле Ак үйдөн күнүгө чыр чыга бербейби?..

Түп нускага шилтеме : focus.kg