Акыркы макалалар

ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ ЖАЗ МЕНЕН КОШО КЕЛГЕН МИТИНГДЕР. Бийлик менен элдин мындай диалогунан эмне келип чыгат?

09.02.2013. ЖАЛАЛ-АБАД news. Баягы эле биздин Жалал-Абадда жазды күтпөй, кыш чилдесинде эле митингдер башталып кетти. Эмнеге элибиз эч болбосо жазды күтүп турган жок? Мындай эртелеп башталган саясий активдүүлүккө эмне себеп? Элдин көкөйүнө тийип, аны көчөгө эмне алып чыкты? Эми мындан ары эмне болмокчу?

Быйылкы кышта электр кубаты менен көгүлтүр оттун уламдан-улам үзүлүп, элибиз суукта оор жашоосун кечирип турганда табийгат да кыргыз элине боору ооругандай, январь айы жылуу болуп, февралда күн жылып, жаз да эрте келчүдөй болуп турат. Ушул эрте келчүдөй болгон жазга кошо өлкөбүздүн аймактарында да ар түрдүү чыр-чатактар, митингдер кошо башталды.

Алсак, 28-29-январь күндөрү Сузак районунун Сузак айылында жана Барпы айылындагы «Тай мурас» спорттук комплексинин алдында Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду колдоо иретинде митингдер болуп өттү. Барпы айылындагы митингге Сузак районунан жана Көк-Жаңгак шаарынан сырткары Ош областынын Кара-Кулжа, Өзгөн шаарынан да үч депутатты колдогон жарандар келип катышып, депутаттар саясий буюртма менен камалгандыгын, бүгүнкү бийлик элдин үнүн укпай жаткандыгын айтып өтүштү. Негизинен бул митингге жалпысынан 500дөн ашуун адам катышты.

Ал эми 30-январь күнү Сузак районунун Жийде айылында да тынчтык митинги уюштурулуп, митингге 150дөй адам катышкан. Алар да соттон камактагы үч депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүп берүү жана акыйкат чечим чыгаруусун талап кылышты. Ал эми бул жерге чогулгандар митинг 31-январь күнү Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында уланарын кошумчалашты.

Депутаттарды колдогондор тарабынан 31-январда Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында, тагыраак айтканда, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдында тынчтык митингин уюштурушту. Митингде “Ата-Журт” партиясынын талапташтары, колдоочулары үч депутатты бошотуу талабына, Кумтөр маселелерине жана Камчыбек Ташиевдин адамдык сапаттарына, бийликтин кетирип жаткан кемчиликтерине токтолушту. Көп өтпөй митингге “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын 100дөй мүчөлөрү келип кошулуп, чыгып сүйлөгөндөр бийликтин жүргүзүп жаткан саясатын сындап, К. Ташиев баштаган үч депутатты бошотуу талабын коюп чыгышты.

Митингди уюштуруп, модераторлук кылып жаткан Үсөн Медеровдун айтымында, митингди “Эгемен Кыргызстан”, “Кыргызстан коммунисттер партиясы» жана башка партиялар да колдоп келишкен. “Ата-Журт” партиясынын желектерин көтөргөн атчандар тобу шаардын борбордук көчөлөрү аркылуу «Ташиевге – боштондук!» деп кыйкырышып, митинг болуп жаткан жерге келип кошулушту.

Бул митингде Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубалы Төрөмаматов эл алдына чыгып сөз сүйлөп, бүгүнкү чыгып жаткан элдин аракети жазгы талаа жумуштарына, инвестициялардын келишине терс таасири тиерин сезип, бул меселе эртерээк эле чечилсе, аймакта стабилдүүлүк болсо, деген тилегин билдирип өттү. Митингдин жыйынтыгында катышуучулар резолюция кабыл алышып, анда бүгүнкү бийликтин Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдорго карата уюштуруп жаткан саясий куугунтугун токтотуп, сот адилетүү чечим чыгарып, депутаттарды эркиндикке чыгарууну талап кылаарын билдиришти. Андан сырткары, резолюцияда өз коллегаларына эч кандай реакция жасабаган бүгүнкү Жогорку Кеңешти таратуу маселеси да камтылган.

Ушул эле күнү Ноокен районунун Масы айылында да үч депутатты колдогон митинг уюштурулуп, митингке болжол менен 150-200 адам катышышты деп билдиришет бул митингге катышкан күбөлөр. Кийинки митинг Майлуу-Суу шаарында болуп, ал жерде да ушундай эле талаптар айтылды.

Негизинен эрте жаз менен кошо аймактарда да жандуу кыймылдар башталып, элибиз да өз ой-пикирин, каалоолорун жана талаптарын бүгүнкү бийлик башындагыларга жеткизип калуу аракетин көрүшүүдө. Кандай болгондо да элдин буга толук кандуу укугу бар. Бирок, бийликтер бул шоруң каткан элдин арманына, талабына кулак салабы, угабы, укса аны кабылдап, аткарууга аракет жасайбы, кеп ушунда турат. Себеп дегенде, буулуккан эл көчөгө чыгып, ал эми бийликтер төрдөн бери түшпөй, текеберликке барса, анда дагы баякы балашамандык, радикалдуу кадамдар орун алып, араң турган мамлекетибиз коркунучта калышы толук мүмкүн.

Азыркы кезде бийликтер коомубузда орун алган оор акыбалга туура баа берип, орун алган адилетсиздиктерди ордуна коюп, саясий жаатташкан тараптар өз ара компромисске келип, кыйынчылыктан чыгып кетүүнүн жолун издеген абзел. Анткени, алдыда чечилбеген социалдык-экономикалык проблемалар, жалпы журттун тагдыры турат. Аны бизге эч ким келип чечип бербейт, баары өз колубузда.

Майрамбек АДЫЛБЕКОВ,

Жалал-Абад шаары.

Эскертүү: Бул материал «Доор медиа» коомдук фондусунун колдоосу менен «Бир туугандар» долбоорунун алкагында даярдалды.

Бул материал “Доор медиа” коомдук фондусунун көз караштарын билдирбейт.