Акыркы макалалар

Мамлекеттик тил качан мамлекеттикке айланат?

Мамлекеттик тил качан мамлекеттикке айланат?

Мамлекеттик тил качан мамлекеттикке айланат?

Катышуучулар:

Сыртбай Мусаев – Кыргыз илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору, профессор

Кадыралы Конкобаев – түрколог, филология илимдеринин доктору, профессор

Каныбек Иманалиев – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы, политология илимдеринин доктору

Чолпон Түмөнбаева – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын милдетин аткаруучу

Мамлекеттик тил мыйзамы кабылдангандан бери 23 жылдын жүзү болду. Бул убакыттын ичинде мамлекетибиз көз карандысыздыкка да жетишти. Кыргыз тили мамлекеттик тил катары кандай бийиктиктерди багындырды? Мамлекеттик тилди мындан ары өнүктүрүү үчүн мыйзам чыгаруу органдары, өкмөт, филолог адистер жана тилдин күйөрмандары кандай иш-аракеттерди жасоолору максатка ылайык келет? Мамлекеттик тилди колдоодо жана жайылтууда кайсы ыкма басымдуулук кылууга тийиш?Мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө тоскоолдук кылган кандай факторлор бар? Тил үйрөнүү боюнча кандай жакшы табылгалар жана жетишкендиктерди колдонууга болот? Ушул жана башка темалар боюнча жаргылчак рубрикасынын конокторуна сөздү узатсак...

Шоокум: – Кыргыз тили мамлекеттик тил статусун алганына 23 жылдын жүзү болду. Ушул убакыттын ичинде реалдуу мамлекеттик тилге айлана алдыбы?

Каныбек Иманалиев: – Азыркы күндө 7000 тил бар. Анын ичинен 83 тил гана 80 пайыз колдонулат. 7000 тилдин өкүлдөрүнүн ичинен 200гө жакынынын гана мамлекети бар. 3500 тил жок болуп бара жаткан тил болуп саналат. Ар бир эки жумада бир тил жок болот. Калкынын саны 5 млн. болуп туруп мамлекетинде өз тилин колдонгон 5-6 эле мамлекет бар. Муну менен айтайын дегеним бул: тилди сактоо – мамлекетти сактоо менен барабар түшүнүк. Ошондуктан тилди сактоого өзгөчө мамиле кылышыбыз зарыл.

Ушул 23 жыл ичинде таптакыр эч нерсе өзгөргөн жок дегенге мен макул эмесмин. Себеби бул жылдардын ичинде кыргыз тили бир топ эле өнүктү. Тилдин өнүгүшүндө бир канча жагдайлар бар: күнүмдүк карым-катнашта, адабиятта, мамлекеттик деңгээлде жана илим тармагында кеңири колдонгондо тил өнүгөт.

Францияда эгер расмий мекемелер француз тилинин эрежесин бузуп колдонушса, айып төлөшөт. Ошондуктан “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын акыркы долбооруна айрым өзгөртүүлөрдү киргизип жатканда түшүнүү менен мамиле кылуу керектигин айтып кетмекчимин. Дүйнөлүк практикада тилди күчтөндүрүү үчүн мындай мыйзамдарды колдонуп жүрүшөт.

Шоокум: – Кыргыз тилинин актуалдуулугу качанга чейин сакталат?

Кадыралы Конкобаев: – Кыргыз Республикасын кыргыз тилинде башкарыш керек. Азыркы күндө дисбаланс болууда. Мыкты билим алгандардын дээрлик көпчүлүгү орусча сүйлөйт. Керек болсо, мына, биз Сыртбай Мусаев экөөбүз совет доорунда кыргыз тили жана адабияты боюнча диссертацияларды орус тилинде жактоого аргасыз болгонбуз. Азыркы күндө биздин кыргыз интеллигенциясынын эң негизги кемчилиги – алардын жазбай жаткандыгында же жазгандарынын элге жетпей жаткандыгында. Башкаруу, илим-билим, маданият интеллигенциясы кыргызча сүйлөбөй жатат.

Шоокум: – Азыркы шартта улуттук кызыкчылыктын чегинен чыгып, ааламдын, адамзаттын же жеке адамдын кызыкчылыгына басым жасоо дагы актуалдуу болуп баратат. Бул нуктан алганда, кыргыз тилинин жана Кыргызстандын орду каякта?

Каныбек Иманалиев: – Мамлекеттик саясатты жүргүзүүдө жана өнүгүү багытын тандап алууда бир канча жолдор бар. Биринчиси – фундаменталдык жол. Бул жолду Иран, Түркмөнстан, Беларусия сыяктуу өлкөлөр тандап алышты. Экинчиси – модернизациялоо жолу. Мындай мамлекеттер элге тиешелүү салттык өзгөчөлүктөрдү сактап калышат да, экономикада кескин либералдык жолду тандашат. Түркия, Малайзия сыяктуу өлкөлөр ушул нукта өнүгүп жатышат. Үчүнчү жолу – вестернизация. Мындай жол Вьетнам, Исландия сыяктуу өлкөлөргө таандык. Алар өз улуттук өзгөчөлүгүн унутуп, жалаң гана башка өлкөнүн мооделин тандап алгандар.

Шоокум: – Кайсы жол кыргыз мамлекетинин өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө түзөт?

Каныбек Иманалиев: – Руханиятта – консерватизм, билим берүүдө, саламаттыкты сактоо, маданиятта – социалдык приоритет, ал эми экономикада – либералдык саясат жүргүзүү зарылчылыгы бар. Бул үчөөнүн ченемин туура бөлүштүрсөк, Кыргызстанды өнүктүрүүгө өбөлгө түзө турган жагдай түзүлөр эле деген пикирдемин. Өнүккөн өлкөлөрдө мындай ченем бар: эгер мамлекет 5 сом чыгарса, анын 3 сому билимге, маданиятка, ден соолукту чыңдоого кетиши керек, ал эми 2 сому мамлекетти коргоого жана администрациялык мекемелерди кармап турууга кетиши зарыл. Конституцияда жазылганы менен, бул практикада, тилекке каршы, ишке ашпай жатат.

Сыртбай Мусаев: – Европалык модель материалдык баалуулуктарга негизделген. Ал эми чыгыш мамлекеттеринде руханий өнүгүү негизги орунда турат. Биз өзүбүздүн маданиятыбызды сактоо менен батыштын экономикадагы жетишкендиктерин колдонушубуз зарыл. Эгерде таптакыр эле каада-салттарга басым жасап туруп алсак, анда өнүкпөстөн, феодалдык коомдун деңгээлине түшүп кетебиз. Ошондуктан биз туура жолду тандашыбыз зарыл. Биз эки жактын тажрыйбаларындагы бизге пайдалуу жактарын колдонушубуз керек.

Шоокум: – Орус тили кыргыз тилинин өнүгүшүнө тоскоолдук кылууда деген пикирлерге кошуласызбы?

Чолпон Түмөнбаева: – Мен мындай суроонун берилишин туура көрбөйм. Журналисттер, силер, ушундай суроолорду берүү менен жагдайды курчутуп жатасыздар. Биз орус тилине эмес, орус тилин расмий тил деп жаздырып кеткен, утурумдук кызматтык кызыкчылыкты колдогон интеллигенцияга каршыбыз. Тигил же бул тилди басмырлоо маселеси жок бул жерде. Биз өз ишмердүүлүгүбүздө мамлекеттик деңгээлге чыга албай жаткан мамлекеттик тилди кеңири колдонуу зарылдыгына басым жасайбыз. Мамлекеттик тилдин статусун жогорулатуу мезгил талабы болуп саналат. Орус класста окуп, башка тилдерди мыкты өздөштүрүү менен катар кыргыз тилин колдогон патриот жаштарыбыз бар.

Сыртбай Мусаев: – Бир тил экинчи бир тилге тоскоолдук кылбайт, тилди колдонгон адамдар бири-бирине түшүнбөстүк менен мамиле кылышы ыктымал. 2012-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Президентинин журналисттер менен болгон жолугушуусунда (пресс-конференциясында) катардагы адамдарды токтотуп алып, эгер алар мамлекеттик тилди билбесе, айыппул салынат экен дегендей суроого президент “андай мыйзамга кол койбойм” деген пикирин билдирди. Азыркы сунушталып жаткан мыйзамдын долбоорунда мамлекеттик кызматчылар өз ишмердүүлүктөрүндө мамлекеттик тилди билбесе гана мыйзам иштеши мүмкүн. Карапайым адамдарга эч кандай чектөөлөр жок. Биз орус тилине кыргыз тилин тебелеткен чиновниктердин саясатына каршы болуп, аларды сындайбыз. Учурунда расмий тил деп атайын статус берип койгон да туура эмес болгон. Орус тили кыргыздардын колдоосуна муктаж деле эмес, ал ансыз да өсүп-өнүгүп жатат. Колдон келсе, кыргыз жаштары 4-5 тилде эркин сүйлөй билиши зарыл болуп турат азыркы учурда.

Шоокум: – Демек, Кыргыз Республикасынын Конституциясына орус тилин “расмий тил” деп киргизүү ката болгон экен да?

Каныбек Иманалиев: – Казактын улуу жазуучусу Олжас Сулеймановдун жакшы бир сөзү бар: «Надо возвышать горы не унижая степ» деген. Орус тилин расмий тил деп кабыл алууга, балким, ошол кездеги саясий-экономикалык жагдайлар себепчи болгондур. 1989-жылдын сентябрь айында кыргыз тили мамлекеттик статус алганда биз эгемендик алгандай эле сүйүнгөнбүз. Ошондуктан азыркы күндө “Улутчулдук керекпи?” деген суроо коомчулукта актуалдуу болуп турат. Мен улутчулдук керек деп айтам. Бирок бизге азыр башка улуттарды мазактоо, кемсинтүү, өзүн жогору кармоо эмес, прагматикалык, акыл-эстүү улутчулдук зарыл болуп турат. Улутчулдук болбосо, улут өнүкпөйт. Улутчулдуктун эки түрү бар: биринчисинде башка улуттарды жок кылам деп аларга каршы күрөшөт, экинчисинде болсо өз улутун даңазалайт.

Шоокум: – Кайсынысы бизде басымдуулук кылууда?

Каныбек Иманалиев: – Биз, тилекке каршы, экинчисине жетише албай жатабыз. Азыркы учурда кыргыз тили жарды дегендер анын эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрүн түшүнбөй жатышат. Алар төмөнкүлөр:

Биринчиси – жалпы түрк тилдеринин ичинен эң байыркы тил кыргыз тили болуп саналат. Бир эле үндүү сөз менен куралган сөздөрдүн саны көп (мисалы: бар, кел, ал, кыш ж. б.). Бул тилдин байлыгын көрсөтөт. Экинчиси – Карбоз Дыйканов өз мезгилинде иликтеп чыккан В. И. Лениндин 53 томдугунда 37500 лексика пайдаланылса, “Манас” эпосунун 3 томдугунда 73000 лексика колдонулган. Бул кыргыз тилинин эбегейсиз зор экендигинин далили болуп саналат. Үчүнчүсү – башка тектеш түрк тилдеринин көпчүлүгү араб, фарсы жана монгол тилдеринен кирген сөздөр менен байыган. Кыргыз тилинин 78% нукура кыргыз сөзү болуп саналат. Төртүнчүсү – фразеологиялык сөздөрдүн абдан бай колдонулушу. Кытай тилин үйрөнгөндөр билишет, алардын миң сөзүн жаттап алса, тил билген болот. Ал эми кыргыз тилинде фразеологиялык сөздөрдүн эле 8000ге жакын түрү бар. Биз бул эбегейсиз ресурсту колдонушубуз керек. Учурунда К. К. Юдахиндин: “Эгер кыргыз тили Ысык-Көл болсо, андан мен бир эле кочуш алып чыктым”, – деп айтканы бар. Чаң басып жаткан сөздөр бар, алардын чаңын аарчып, жаңы заманга ылайыктап колдонушубуз керек. Учурда кыргыз тилинин лидери жок болуп жатат. Кыргыз тилин ажайып кооз сүйлөгөн, жаза билген Ж. Муканбаев, К. Карасаевдей адистер жок. Мыкты саясатчы жок. Кыргыз тилин мыкты колдонгон теледиктор жок болуп жатат. Маселен Бүбүсара Бейшеналиева бийдин сулуусу болсо, бизде азыр кыргыз тилинде мыкты сүйлөгөн сулуубуз жок болуп атат. Ошондой лидерлер болгондо жаштар ээрчип кетмек. Бул – биздин саясатчылардын, журналисттердин, балким, интеллигенциянын күнөөсү деп айтар элем. 1930-жылдардагы кыргыз интеллигенциясы бир эле учурда министр, публицист жана сөзмөр болушкан. Алар өз мезгилинде кыргыз тилинин өнүгүшүнө эбегейсиз зор салым кошушкан. Учурда казак интеллигенциясы күчтүү болгондуктан, телеберүүлөрдүн 95% казак тилинде болуп калды.

Сыртбай Мусаев: – Аз сандагы улут болуп туруп дагы тилдин өнүгүшүн камсыз кылууга болот. Мисалы, Прибалтика өлкөлөрүнүн калкынын саны кыргыздардыкынан аз, бирок алар чечкиндүү саясат жүргүзүү менен өз тилдерин өнүктүрүп жатышат. Тилди өнүктүрүүдөгү эң негизги фактор – жетекчилердин саясий эрки. Өлкө башындагы адамдар эрктүү саясат жүргүзгөндө гана кыргыз тили өнүгөт.

Шоокум: – Азыркы күндө Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга эмгек акыдан тышкары 1,5 млн. сом каражат бөлүнөт экен, албетте, бул – аз акча. Ишмердүүлүгүңүздөрдү дагы майнаптуу кылуу үчүн мамлекеттик эмес уюмдар, бизнес коомчулугу менен кызматташасыздарбы?

Чолпон Түмөнбаева: – Азыркы күндө биз мамлекеттик эмес мекемелерге кайрылып жатабыз. Бирок алар методикалык китептерди чыгарууга, тил менен байланышкан ар кыл багыттагы иш-чараларды өткөрүүгөгө кызыкдар эмес экен. Алар, тилекке каршы, башка багыттарда иштешип, мамлекеттик тил – мамлекеттик мекемелердин иши деп ойлошот экен.

Кадыралы Конкобаев: – Конституцияда “Кыргыз Республикасы – социалдык мамлекет” деп жазылды. Өнүккөн өлкөлөрдө 1-орунда адам турат. Кыргыз тилинин, кыргыз элинин өнүгүшү боюнча айкын жол барбы? Ошол жолдо чечкиндүү кадамдарды таштап жатабызбы? Азыркы күндө Кыргыз өкмөтү чет жерлерде убактылуу иштеп жүргөн биздин өлкөнүн жарандарына кам көрүп жатабы? Орусиянын Красноярский, Абакан, Барнаул, Бийский, Горно-Алтайский, Якутский деген жерлеринде 15-20 жылдан бери жашап жаткан кыргыз замандаштарыбыздын балдары кыргызча таптакыр билишпейт. Алар: “Мектеп ачалы десек, адистер жок. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жардам береби?” – дешет. Ал эми бул жерде алар жан багууга тыйын таппай кыйналышат. Тилди колдонбосо, тил өлөт. Кыргыз оозеки тили өнүгүп калды, жазма тилди өнүктүрүү мезгил талабы болуп саналат.

Каныбек Иманалиев: – Чет жерлердеги кыргыз диаспораларын колдоо боюнча атайын мыйзам даярдадык. Жакын арада Жогорку Кеңеште бул маселе талкууга алынат. Анда Кыргыз өкмөтү китеп чыгарып, диаспораларга берүү маселеси каралат.

Кыргыз тили мамлекеттин өнүгүүсүн шарттай турган негизги белгилердин бири болуп саналат. Менин оюмча, учурда кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн кечиктирилгис иш-чаралар катары төмөнкү иштерди жасашыбыз керек. Биринчиси – эч коркпой мамлекетти башкарууну кыргыз тилинде жүргүзүү керек. Бул жерде аймактар даяр. Бишкек менен Чүйгө беш жылга чейин убакыт берсек, мамлекетти башкарууну кыргыз тилине толугу менен өткөрүүгө болот. Экинчиси – Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдында бирдиктүү котормо борборун түзүү зарыл. Азыркы күндө мыйзамдарды кыргыз тилинде даярдайлы десек, Юстиция министрлиги бөлөкчө, Өкмөттүн аппараты башкача, Жогорку Кеңештин аппараты өзүнчө которот. Демек, бизге адис юрист – котормочулар керек. Бирдиктүү котормолор болсо, мыйзам бир тилде сүйлөп калат. Үчүнчүсү – азыркы күндө кен компаниялары кыргыздын кенин казып байып жатышат. “Кумтөргө” окшогон кен компаниялары кыргыз тилин өнүктүрүүгө кирешелеринин 1% эле которсо, тилди жогорку деңгээлде өнүктүрүүгө мүмкүн. Мисалы, Эстонияда алкоголдон түшкөн пайданын 1% тил фондуна которулат экен. Сен арак чыгарып, моралды бузуп жатасыңбы, демек эми моралды оңдоого жардам бер деген принцип. Сөздөн ишке өтүп, бул кадамдарды жасашыбыз керек. Азыр эл жетилип калды, колдойт.

Шоокум: – Урматтуу “Жаргылчактын” катышуучулары, мамлекеттик тил маселесине дагы бир жолу кайрылабыз деген ниетте талкуубузду ушул жерден токтото туралы. Бул тема боюнча өз оюңуздарды ачык билдиргениңиздер үчүн өзүмдүн жана “Шоокум” журналынын редакциясынын атынан сиздерге терең ыраазычылык билдирем.

Талкууну уюштурган Асылбек Жоодонбеков

ЯНВАРЬ, 2013 Шоокум