Акыркы макалалар

Жергиликтүү Кеңештердин депутаттары ишке киришти

Районубуздагы жергиликтүү Кеңештердин кошмо жыйынына шаар мэриясы жана айыл Өкмөттөрдөн шайланышкан 220 депутаттан 196 депутат, район мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.Т.Арипов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн Ж.Т.Эшанкулов, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Лейлек району боюнча өкүлү Ш.Б. Сайдуллаев жана массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери катышты.

Күн тартибиндеги жыйналыштын регламенти, президиуму, эсептөө комиссиясы бекитилген соң жергиликтүү Кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагалыгына 1 жылдык мөөнөт менен Исфана шаардык Кеңешинин төрагасы Алмаз Рахманкулов шайланды.

Чогулгандарды депутаттык статуска ээ болгондуктары менен район акими Т.Т. Арипов, облустук өкүл Ж.Т. Эшанкуловдор кызуу куттуктап, эл-жерибиздин гүлдөп, өсүүсү үчүн үзүрлүү эмгектенүүгө, улут, уруулар аралык биримдикти бекемдөөгө чакырды.