Акыркы макалалар

Ысык-Көлдө өткөн жылы дүң продукция өндүрүм пландан жогору аткарылды

Облуста өткөн жылы айыл чарба дүң продукциясы 25 миллиардка жакын сомду түзүп, 2011- жылга салыштырмалуу өсүү темпи 93,6 пайызга барабар болду. Көбүнчө сүт жана эт багыттары басым жасаган. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облустук ыйгарымдуу укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык облус боюнча эт багыты 43,9 миң тонна өндүрүлдү, сүт азыгы 186 миң тонна, жумуртка 70 млнго жакын даана өндүрүлгөн. Ошондой эле 2 миң тонна жүн алынгандыгы аныкталган. Мындан сырткары дан эгиндер 127,8 миң тонна эгилген, картошка 486 миң тоннаны тузүп былтыркыга салыштырмалуу 88,1 пайызды түзгөндүгүн маалымдайт.