Акыркы макалалар

Ысык-Көлдө билим берүү системасы өнүгүү планында

КРдин билим берүү министрлигинин буйругу боюнча Ысык-Көлдө институционалдык өнүгүү долбоорун ишке ашыруу боюнча иш аткарылат. Ага ылайык Ысык-Көл облусу пилоттук болуп, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө өнүгүү институтционалдык планы түзүлүп, иш алып барылат. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун директору Жеңишбек Урумов билдирди.

Анын айтымында бул учурга чейин билим берүүдөгү окуу пландары совет учуру менен келген. Ошондуктан окуу планын жаңыча иштеп чыгып, Ысык-Көлдүн тажыйырбасынын негизинде республикага таркатылат. Эми бир айдан кийин баардык облустардан сунуштар жыйналып, типтүү план кабыл алынат. Анда айрыма болуп, ар бир аймак өз шартына ылайык иш алып барылат.

“Пландоодо буга чейин аткарылчу иш чаралар, мөөнөтү, көзөмөлгө ала турганга ким жоопту болсо. Бул жерде индикаторлар кайсылар, маниторинг жана келечегинде эмне болот?. Күтүлүүчү натыйжа ушундай иш алып барылат.”-дейт Ж. Урумов.

Эскерте кетсек: Өнүгүүгө багытталган план иштөө үчүн 2012-жылдын ноябрь, декабрь айларында облуста атайы мугалимдер арасында иликтөө жүргөн. Институционалдык өнүгүү долбоорун Евросоюз каржылоодо.