Акыркы макалалар

Кан берип, башкаларга өмүр тартуула

Кан берип, башкаларга өмүр тартуула

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү 62 мамлекетте гана кан запасы 100 пайыз камсыздалган. Калган 140 өлкөдө дагы деле үй-бүлө мүчөлөрүнө же болбосо акы алган донорлорго муктаждык бар. Дүйнө жүзү боюнча ар бир секундада ар кандай себептерден улам, адамдардын денесине кан куюу муктаждыгы жаралат.

Кандын таңкыстыгы жай мезгилинде

Республикалык кан борборунун орун басары Айганыш Сатыбалдиеванын айтымына караганда кан жана анын компоненттеринин мыйзамы боюнча 18 жаштан 60 жашка чейинки ден-соолугу чың адамдар донор боло алышат.Өз ыктыяры менен 30 жолу акы менен 45 жолу кан тапшыргандар “Ардактуу донор” деген төш белги менен сыйланышат. Аларга ай сайын мамлекет тарабынан сыйлык катары 1000 сом берилип турат.Негизинен кандын таңкыстыгы жайында байкалат. Себеби, бул учурда адамдар эмгек өргүүсүнө чыгып кетет. Ошол мезгилде каттоодогу ардактуу донорлорго кайрылууга туура келет.

Донор боло турган адамдын салмагы 50 киллограммдан жогору, жана ден-соолугу чың болуусу абзел.Эркектердин гемоглобини 130 гр.дан 140 гр.га чейин болсо,айымдардыкы 120 гр.дан 130 гр.га чейин болуусу шарт.

Ардактуу донор болгум келет

“Кан тапшыргандан эч кандай деле кыйынчылыктарды деле көргөн жокмун.Башым айланып кан басымым түшкөн жок.Бизге эки күн сабакка барбаганга уруксат беришкен. Бирок бул мүмкүнчүлүктү колдонбой,дароо эле сабакка келе бердим. Келечекте ден-соолугум ордунда болсо,кан бергенге далалат жасайм”-деди “Манас” университетинин студенти Айгерим Кадыркул

Канды ден-соолугум жана канга муктаж болгондор үчүн тапшырам

“Кан борборунда иштөө менен бирге ардактуу донор да болуп келем. 1996- жылдан баштап ушул күнгө чейин 58 жолу кан тапшырдым. Алгачкы ирет 36 жашымда тапшырганмын.Канымдын тобу биринчи,резус факторум оң. Мурунку стандарт боюнча 1- группа универсалдуу кан группасы болуп келген болсо ,учурда бул нерсе түп тамырынан бери өзгөрдү,”-деди Гүлбара Кененбаева. “Дени сак улут- Күчтүү мамлекет”демекчи, каарманыбыз өзүнүн ден-соолугу үчүн жана эли үчүн канын аябайт. Алгач плазма донору катары баштап,кийинчээрек кан донору болгон.Кан тапшыруу эч кандай коркунуч жаратпайт,тескерисинче эки айда бир жолу кан берип турса организм тазарып,жашарат. “Мени кубундырган нерсе,учурда жаштардын кан тапшырууга жигердүү катышуусу”-деди Республикалык кан борборунун доктор терапевти Гүлбара Кененбаева.

Кан берип башкаларга өмүр тартуула

Кан тартыштыгын азайтуу максатында түзулгөн жаштар уюмдары да бар.Алардын катарын “клуб -25” толуктайт. Максаты СПИДди 0.06 пайызга азайта алышкан. Кыргызстанда бул долбоор 2012- жылы ачылып, алгач 5 гана ыктыярчылар иштей баштаган. Клуб 25тин максаты 18-25 жашка чейинки жаштарды кан берүүгө үгүттөө болуп саналат.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg