Акыркы макалалар

"Электрондук консул" долбоору даярдалууда

ТИМ эстониялык компания менен биргеликте “Электрондук консул” долбоорун даярдоодо. 11-февралда министрликтин имаратында аталган долбоордун тесттик түрү көрсөтүлдү.

Эгер аталган долбоор колдоо тапса, анда анын тесттик варианты ушул жылдын март же апрель айларында ишке кирет. “Электрондук консул” кызматы кыргызстандын башка өлкөдө жүргөн жарандарына ынгайлуулук жаратат. Тактап айтканда консулдук кызматтар тууралуу интернеттен байланышып, маалымат алса болот.

“Электрондук консул” долбоорунун үстүндө учурда эстониялык «EST-Prototype» компаниясы иштөөдө.