Акыркы макалалар

Өмүрлөрү өрнөк үй-бүлө

Жакында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ч.Абдыраимакунова Кочкор районунда иш сапары менен болгонунда «Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылына» карата уюштурулган «Ырыс алды ынтымак үй-бүлөдөн башталат» кароо-сынагынын жыйынтыгында Кочкор айылынын тургуну Тилемишов Темиркул агабыздын үй-бүлөсү райондогу мыкты үй-бүлөлөрдүн бири экендигин далилдешип, сынактын жеңүүчүлөрүнөн болушкандыгын белгиледи. Турмуш жолу менен эмгек жолун баштагандарына кырк жылдан ашкан Т.Тилемишов жубайы Сакин Матсаева экөө балдарына татыктуу тарбия берип, үй-бүлөдө болобу же ишиндеби өмүрлөрү өрнөк экендигин айтып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Муратбековдун атынан баалуу белегин тапшырды.