Акыркы макалалар

Окуучуларды бычак менен коркутуп...

24-январь күнү Кадамжай шаарындагы №17 мектепте адам үрөйүн учурган окуя болуп өттү.

Аталган мектептин 10-классынын окуучусу Нурдинов Эркиндин айтымында:

- Эрте менен биринчи сабак болуп жаткан эле. Эшиктен бир киши келип, бир эки баланын атын сурап, чөнтөгүнөн бычак чыгарып, бизге карай чуркай баштады. Парталардын үстүнөн ашып балдар качып чыктык. А кыздарыбыз бакырып, ыйлап класста калып кетишти — дейт.

Бул окуя боюнча ЖЖОИнин ага инспектору, милициянын лейтенанты И. Турабаева иликтөө жүрүп жатканын айтат.

Атын айткысы келбеген окуучулардын ата-энелеринен бири, бычак көтөрүп класска кирген адамдын баласын, ушул класстын балдары сабаган экен. Ошондуктан бул ишке барганын айтыптыр.

Сен мага тийбе, мен сага тийбейм заманы келгенби айтор, бул кишинин артынан арыз жазышкан эмес. Эң эле аянычтуусу бул окуяга күбө болгон окуучу кыз 3 күндөн кийин каза болгон. Классташтарынын айтуусу боюнча, бул кыздын өлүмүнө болуп өткөн окуянын тиешеси жок.

Бычак көтөрүп окуучуларды коркуткан адамдын ээн — эркин журушу, он гүлүнөн бир гүлү ачыла элек кыздын сырдуу өлүмү табышмак бойдон калууда.