Акыркы макалалар

Таш кулап, жол бөгөлүп...

Таш кулап, жол бөгөлүп...

1-февраль күнү кечки саат 17:55 чамаларында Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 313-чакырымында (Бейше-Булак менен Оттук айылынын ортосунда) таш аралаш топурактын кулоосу катталды. Кулаган таш аралаш топурактын чоңдугунун диаметри 2,1- 2,5 метрге чейин жетип, узуну болжолдуу 50 метр, бийиктиги 3 метрди түзүп, жолду бөгөп калган. Бактыга жараша таш кулаган учурда аталган аймакта жүргүнчүлөр болбогондуктан жабыр тарткандар болгон жок.

Мындай маалымат түшөрү менен Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы тарабынан ыкчам аракеттер көрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн төрагалыгы астында жарандык коргонуу штабынын мүчөлөрү жолду тазалоо жумуштарын жүргүзүп, жолдун эки тарабында калган жүргүнчүлөргө жардам көрсөтүп, өткөрүү аракеттерин башташкан. Коопсуздукту сактоо максатында жүргүнчүлөрдү ташыган автобустар жол жүрүүгө чыгарылбай, жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан таш кулоо катталган аймактын эки тарабынан коопсуздук үчүн тосоттор уюштурулган. 2-февраль күнү таңкы саат сегизден баштап жол убактылуу жабылып, тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Ага Нарын райондук ДЭП-41 жол тейлөө ишканасынан эки жүк жүктөгүч, зарыл учурда пайдалануу үчүн 1 «ХОВО» автоунаасы тартылган.

-- Жеринде тез жана кечиктирилгис чара көрүү максатында Нарын райондук тез жардам кызматынан бир бригада жана Өрттөн сактоо кызматынан бир куткаруу тобу унаа жолу бир тараптуу ачылганча кезметте турушту. Бул аралыкта Нарын тарабында Казан-Куйган айылында, Кочкор тарабынан Кара-Үңкүр аймагында жылытуу-тамактандыруу бөлүмдөрү ачылды. Бишкек шаары тараптан келе жаткан жүргөнчүлөрдүн шашылыштарын тийиштүү кызматтар коопсуз жерлер менен алып өтүп, Нарын шаарына жеке адамдардын автоунаалары менен жөнөтүлүп турду,-дейт Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы, полковник Токтобек Шоңкоев.

Анын айтымында жол толугу менен 2-февраль күнү кечки саат 23-35терде ачылган. Мындай коркунучтуу кырдаалдардын алдын алуу максатында КРнын ӨКМнин алдындагы өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти тарабынан Ак-Көл аймагында, Миң-Куш айылында, Арал-Миң-Куш, Арал-Суусамыр, Тагылгыты-Бирлик унаа жолдорунда, Нарын-Үч-Нура (Орто-Саз чеги), Нарын-Бишкек айланма жолдорунда, Нарын шаарынын батыш тарабындагы Ак-Кыя чегинде, Нарын шаары, Миң-Булак жана Чоң-Алыш айылдарында жана Нарын-Ийри-Суу унаа жолунун Көк-Жар чегинде таш кулоолор жана көчкүлөр активдешүүсү мүмкүн болгон чектер аныкталган. Жакынкы аралыкта таш кулоосу мүмкүн болгон жерлер мажбурлоо жолу менен түшүрүлүп тазалана тургандыгын Т.Шоңкоев маалымдады.