Акыркы макалалар

Балыкчыда жашылча-жемиштерди сактоочу логистикалык борбор курулат

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында дыйкан, фермерлерден картошка, алма, өрүк, эт жана башка жашылча-жемиштер менен мал чарба азыктарын сатып алып, сактоочу жана чет өлкөлөргө сатуучу логистикалык борбор ачылат. Бул тууралуу Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев билдирди.

“Өткөн жылы Россиядан ири ишкерлер келип, алма, өрүк сыяктуу жашылча-жемиштерди дүңүнөн сатып алууну сунуш кылышканда, биз алардын өтүнүчүн аткара албай калдык. Көрсө, бизде бул багытта дыйкандардын өстүргөн жашылча-жемиштерин сатып алып, талапка ылайык чет өлкөгө экспорттой турган муздаткыч жана логистикалык борбор жок экен. Азыр бир дыйкан өздөрү өстүргөн жемиштерди 1-2 машинага жүктөп мүмкүнчүлүгүнө жараша сатып жатышат. Ушундай борборду Балыкчы шаарында куруп жатабыз. Ысык-Көл облусунда төрт түлүк малдын да саны көбөйдү. Кой, эчкинин саны 800 миңге, жылкы 90 миңге жетти. Биз мал азыктарын да экспорттошубуз керек”,- деди ал.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg