Акыркы макалалар

И.Раззаковдун жаркын элесине арналган

Районубуздун аймагындагы мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин тарбиячыларынын арасында И. Раззаковдун жаркын элесине арналган спорттук мелдеш болуп өттү.

Мелдешке райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары М. Ташполотова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары А. Жанжигитов, Исфана шаар мэриясынан З. Хабибуллаевдер катышып, өздөрүнүн куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Мелдешке райондун 23 бала бакчаларынын тарбиячылары катышкан 3 команда катышышты. Жогорку региондон «Ак шумкар» командасы, ортоңку региондон «Ынтымак» командасы, ылдыйкы региондон «Ак кептер» командалары катышышты.

Мелдеште волейбол, кол күрөш, аркан тартыш, шайыр шамдагайлар спорттук оюндары менен командалар күч сынашты.

Жыйынтыгында «Ынтымак» командасы 90 упай менен 1-орунга, 80 упай менен «Ак кептер» командасы 2-орунга, 65 упай менен «Ак шумкар» командасы үчүнчү орундарга ээ болушту.