Акыркы макалалар

Спорт жаңылыктарынан

Исфана шаар мэриясына караштуу мектеп окуучулар арасында зоналдык спартакиада болуп өттү.

Кыздар командасы А.Навои атындагы орто мектебинин спорт залында спорттун волейбол түрү боюнча күч сынашып, жайынтыгында 1-орун А. Навои, 2-орун К. Казыев, 3-орунду Т. Жапаров атындагы орто мектептеринин командалары жеңип алышты.

Ал эми балдар арасында волейбол «Ысык-Көл» орто мектебинин базасында өткөрүлдү.

1-орун «Тайлан» орто мектеби; 2-орун Т. Жапаров, 3-орун А. Навои, 4-орунду К. Казыев атындагы орто мектептеринин командалары ээлешти.

А. Айбашев,

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн Дене тарбия клубунун директору