Акыркы макалалар

Айыл кубанычы

Жакында Ак-Булак айылында фельдшер-акушердик пунктунун ачылуу аземи болуп өттү. Салтанатка Исфана шаарынын мэри Хамза Салямов, Исфана шаарыны мэриясынын карыялар Кеңешинин төрагасы, ушул курулуш ишинин баштан аягына чейин техникалык жактан көзөмөлдөөчү Файзулла Хашимов, Тайлан айыл Өкмөтүнүн башчысы Шайыр Жумагулов, Лейлек үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы мээрбаны Марипат Баратова, Архистрой сервисинин өкүлү Азамат Жумалиевдер катышышты. Бул жаңылык айыл эли үчүн эң жакшы жышаан болду.

Иш-чара АРИС проектисинин жардамында 2 млн. 460 миң сомдук жана Исфана шаарынын мэриясы тарабынан 90 миң сомдук өлчөмдөгү колдоосу, ошондой эле 10 миң сомдук жергиликтүү калктын салымдары менен ишке ашырылды. ФАП бүгүнкү күндүн толук заманбап үлгүсүндөгү медициналык жабдуулар менен жабдылып, жылытуу системасы да күндүн энергиясы аркылуу жылытылууда.

Бул пункт айыл ортосунда элге ыңгайлуу шартта курулуп, 114 түтүн үйдү тейлөөгө негизделген. Бүгүнкү күндө толук түрдө дары-дармектер менен камсыздалып, кош бойлуу аялдарга жана 5 жашка чейинки балдарга, карыяларга акысыз кызмат көрсөтүүдө.

Абдирашит кызы Каныкей

25-январь, 2013-жыл