Акыркы макалалар

ЖАШ ШАХМАТЧЫЛАР МЕЛДЕШИ

24-25-январь күндөрү Нарын облустук балдардын билим берүү борборунда Кыргыз Республикасынын экономикасын чыңдоо жылына карата республикалык «Илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын» алкагында шахмат боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Мелдешке Нарын шаарынын мектептеринен жана балдардын билим берүү борборунан 6 жаштан 15 жашка чейинки 72 окуучу катышып, логикалык ой жүгүртүү деңгээлин көрсөтүштү.

Жыйынтыгында биринчи орунга 8 жашка чейинки балдар арасында Махмуд Али Максатов, экинчи орунга Жоомарт Акматов, үчүнчү орунга Ынтымак Нурланбек уулу, 9 жаштан 10 жашка чейинки балдар арасында биринчи орунга Эрмек Кыязбеков, экинчи орунга Динислам Шаршенов, үчүнчү орунга Жанбол Жаркынбаев, 10 жаштан 11 жашка чейинки балдар арасында биринчи орунга Медербек уулу Намыс, экинчи орунга Эрмек Эсенкурманов, үчүнчү орунга Сыргак Муратбек уулу, 12 жаштан өйдөкү балдар арасында биринчи орунга Туратбек Акималиев, экинчи орунга Нурболот Усупкожоев, үчүнчү орунга Нурмат Кадырбеков жана 9 жаштан 12 жашка чейинки кыздар арасында биринчи орунга Медина Максатбек кызы, экинчи орунга Алия Майрамбекова, үчүнчү орунга Нурай Болотова татыктуу болушту.

Мелдешке «Ак-Шумкар» партиясы жана анын лидери Темир Сариев демөөрчүлүк кылып, жеңүүчүлөр диплом жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.