Акыркы макалалар

ОРТО МЕКТЕП ОЛЖОЛУУ БОЛДУ

Акыркы мезгилдерде орто мектептерге демөөрчүлөр тарабынан колдоолор болуп жаткандыгы кубантпай койбойт.

Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылынын Сабитакун Жусупбаев атындагы орто мектебине мекенчил айымдардын бири Какен Сабитакунова аталган мектепке 280 миң 800 сомдук мектеп жабдууларын атап айтсак, 5 класстык бөлмөсүнө 50 парта, 100 отургуч жана 24 шкаф алып берген.

Мектептин деректири Алтынчач Койчуманова өз сөзүндө: “Бул бир мектеп үчүн өтө чоң колдоо болду. Биз абдан кубанып жатабыз”-деди.