Акыркы макалалар

Банкты тоноп, кассирди өлтүргөндөрдүн соту башталды

Банкты тоноп, кассирди өлтүргөндөрдүн соту башталды

2012-жылдын 7-сентябрында Кадамжайды гана эмес, өлкөбүздү дүрбөлөнгө салган каргашалуу окуя болгон болчу. Тактап айтканда «Эко Исламик Банкынын» Кадамжайдагы филиалынын кассири 1994-жыл туулган Бозулан Примовду өлтүрүп, Банктын кассасындагы чоң суммадагы акчаны алып кетишкен.

Бул кылмышка шектелген Салаев Исхак, Абдыкадыров Алтын, Зикиров Каныбек кармалган. Кармалган учурда И. Салаев жанынан 6200 АКШ доллары жана 42 миң сом акча табылган. Ал эми үч күндөн кийин Бишкекте кармалган А. Абдыкадыров жана К.Зикиров жандарынан 917 миң сом акча табылган.

Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө аяктап сотко өткөн.

2013-жылдын 16-январында сот болуп, күбөлөр суралып, 6 саатка созулуп, ошондо да сот процесси бутпой дагы кайрадан каралмай болду.

Азамат Абсаттаров